сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
4900  
10.11.2019
Өзүңдү өзүң тапмайынча өзүңдү да, башканы да бактылуу кылуу мүмкүн эмес. Бактылуу болуш жана кылыш үчүн көкүрөктө тынчтык керек экен. Бакыт деп көрүнгөндөн, көр дүйнөдөн издейбиз. Иши кылып ал сыртта качып жүрөт, биз да кубалайбыз. Өмүр өткүчө жетпей, таппай өкүттө өтүп кеткени канча?! Бакыт ушул болуш керек деп бир максат коебуз. Күнү - түнү чуркайбыз. Жеткен соң, моокумуң канган соң, кайра боштук ичиңде. Каңгырап турат. Кайра башканы көздөйсүң, чуркайсың, ага жеткен соң, кайра ошол сезим. Бакыт сыртта эмес ичтедир балким. Туура эмес жактан издеп жаткандырбыз. Ичиңе үңүлүп, көкүрөктүн көңдөйүн толтурганда, көксөң суур балким. Ичиңдеги караңгылыкка шам жагып, жарык кылып алсаң, ал жарык айланаңа чачыраар! Жаныңда ким жүрсө баары тамызгы алып, жайнап чыгаар? А биз бири бирибизден, сырттан, көчөдөн, материалдык баалуулуктан, байлыктан издеп жүрөбүз...ичиңдеги боштукту алар толтурчудай... #жөнэлеойлор
4897   28
16.04.2020
MegaCom компаниясы карантин убагында үйлөрүндө болуп, аралыктан окутуу жолу менен билим алып жатышкан студенттерди да колдоону чечти жана алар үчүн «MEGA студенттер үчүн» акциясын ишке киргизди.💚 ⠀ ✅ MegaCom байланышына кошулуп, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын билим берүү сайттарына, KelBil жана Google Classroom сервистерине кирүү үчүн акысыз жетки алыңыз. Үйдөн чыкпастан эле окуу материалдарын колдонуп, жаңылыктардан артта калбай, маанилүу маалыматтарды алып, жана да бөлүшүп турсаңыз болот. ⠀ Кеңири колдонулуучу тиркемелерде баарлашуу жана көңүл ачуу үчүн акысыз интернет-трафик каралган: ⠀ ▫️WhatsApp; ▫️Instagram; ▫️TikTok. ⠀ 📲Дүйнө жүзүнүн көңүл борборун коронавирус тууралуу түрдүү маалыматтар ээлеп турган учур. Өзүнө көңүлдүү маанай тартуулап, бош убактысын кызыктуу өткөрүүнү кааласа, студенттер «MEGAСтудент» акысыз топтомунда төмөнкү оюндар үчүн бериле турган акысыз интернет-трафикти колдоно алышат: ⠀ ▫️PUBG Mobile; ▫️Garena FreeFire; ▫️BrawlStars; ▫️World of Tanks Blitz; ▫️Dota 2 жана Dota Underlods; ▫️Clash of Clans. ⠀ ▶️ Балансы нөл жана нөлдөн төмөн болгон абалда MegaCom студент-абоненттерине күн сайын түйүн ичинде 10 мүнөт акысыз байланыш берилет. Топтомду кантип кошуп алууга болот? ⠀ ❗️Топтомду үйдөн чыкпастан эле кошуп алсаңыз болот. Болгону WhatsApp аркылуу 0 999 12 00 00 номерине табыштама калтырыңыз. Билдирүү төмөндөгү маалыматтарды камтуусу керек: ⠀ ▫️Аты-жөнү; ▫️MegaCom номери (топтом кошула турган); ▫️Университеттин аталышы; ▫️Тайпа; ▫️Студенттик билеттин же китепченин сүрөтү. ⠀ Бир күндүн ичинде сизге кошуу үчүн нускама жөнөтүлөт. Табыштаманы каалаган мобилдик операторлордун номерлеринен калтырууга болот. «MEGA студенттер үчүн» акциясына кошулуңуз да, жакындарыңыз менен чектөөсүз баарлашыңыз, убактыңызды көңүлдүү өткөрүңүз жана билим дүйнөсүнө саякаттаңыз! MegaCom ар дайым сиз менен!
Загрузка...