4837 160
29.05.2020
Адам жашоо менен деле күрөшпөйт экен. Ал өзү менен өзү күрөштү жүргүзөт экен. А сырткы дүйнө ички дүйнөбүздү жеңиш үчүн гана курал болуп берерин байкадым. Сырттагы адамдар, сырттагы турмуш, сырттагы кыйналуу - иллюзия. Кеп ичте экен. Жалган дүйнө деп бекер айтпаса керек. Бирок аны түшүнбөптүрбүз. Өлгөндө чыныгы дүйнө башталат деп күтүп жүрө беребиз го? Чыныгы дүйнө, чыныгы аалам ичиңде! Ал - сенсиң! Ал жалган дүйнөгө болгон чыныгы дүйнөңдүн көз карашы. Ар бир табышмактын жандырмагы, суроолордун жообу, кыйналуунун себеби бар. Биз кыйналганды көрөт экенбиз. Ошого наалыйбыз. Бирок ал кыйналуунун ары жагын көрбөй жатпайбызбы! Ал эмнеге келди дебейбиз! Ар бир оорунун себеби бар ал тургай. Жашооңо келген адамдын да себеби бар. Изденбейт экенбиз. Бизге наалып, Кудайды, тагдырды, бешенебизди күнөөлөп, өзүбүздү курмандык элестетип, өзүбүзгө боор ооруп анан элдин аеоосун чакырып жаткан ыңгайлуу экен. " Баары келесоо, баары жаман өзүбүз укмуш." Бул оюнду дайым ойнойбуз. Тажабайбыз. Жашоонун өзгөрүшүн эмес өзүбүздүн өзгөрүшүн колго алсак, жүддаям сонун болот! Бактылуулуктун энергиясына өтөлү! #жөнэлеойлор