сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
4755   192
01.12.2019
Жаңы жыл сезими болгону үчүн кышты сүйөм. Жомоктор жашообузга кирип, жашың кереметке ишенген жаштан алда канча өтсө деле, ошол ишеничке сүйрөгөнү үчүн сүйөм. Кышты лапылдап аппапакай болуп жааган кары үчүн, кышкы эс алуу, кыштан кийин келе турчу жаз үчүн сүйөм. Ар бир мөөнөттүн, ар бир мезгилдин, убактын түстүү боегу, ар башка даамы бар. Таттууну эле сүйбөгөн сыңары, кээде кычкыл, кээде ачуу, кээде туздуу сүйөбүз, эңсейбиз. Өйдө - ылдый ойлор, ак - кара турмуш, ысык - суугу, катуусу - жумшагы бар үчүн бул жашоого тойбой, дагы жашагыбыз келсе керек. Кээде наалып баратып, "тык" токтойсуң. Наалымаң "шүгүр" сөзүнө айланат. Жаратканга тобоо келтирип, жакаңды кармайсың да, наалып аткан нерсеңди кабыл алып, кадам таштайсың. Олку - солку болуп турбаса, пайдасы болмок беле жашоонун?)) Шүгүр, Жаратканым. Жадымымдасың. Жардамыңды туюп турам. Ар бир бергениңе ыраазы, пендең. #жөнэлеойлор
Загрузка...
4751   50   25612
28.04.2020
Урматту мекендештер менин эң жакын Эсен досум катту ооруп калды. Бөйрөгүн алмаштырганга көп акча керек экен сиздерден жардам сурап ушул видеону тарттым😭😭🙏🙏 апасынын жазган ( аяш энем) сөзүн жазайын. Урматту мекендештер көп түкүрсө көл болот демекчи сиздердин колуңуздардан келген акчалай жардамды төмөнкү счётко которуу менен бирге, чырактай баламдын өмүрүн сактап калуу 😢😭😢 мүмкүн болуп турат. 🙏🙏 Насирдинов Эсен 1989 жылы туулган. Азыркы учурдагемодиализ апараты менен кана жашап калды. Тез арада эки бөйрөгүн алмаштырууга муктаж. Операция бизде болбойт дегендигине байланыштуу чет өлкөгө 30-40 миң АКШ доллары керектелүүдө 😢😢😢😭🙏🙏🙏🙏 оорусуну диагнозу: Хронический гломеруленефрит смешанная форма хпб-С5А4.ХПН терминальная стадия вторичная анемия. Андыктан кайрымдуу инсандардан жардам күтөбүз. 😢 Ош шаары мкр Достук 78/23 Тел:0552030289 Апасы: 0708688093 Элсом 0552030289 RUB 1280036053459206 KGS 1280036052636827 KZT 1280036053459105 USD 1280036053457586 СБЕРБАНК: 4276162950854130
4749   261   88434
19.04.2020
Ушундай видео келиптир... ☺️😊 Мен кээде комплимент катары уксам, кээде сын-пикир катары угуп калам: "Өтө эле жөнөкөйсүн. Ырчы деген өзүн бир аз токтоо, олуттуу алып жүрүш керек" деп🤔 Негизи өзүмдүн турушум ушул. Тез эле тил табышып кетем. Жөнөкөй эле болгон жагат. Анткени Кудайдын алдында баарыбыз эле жөнөкөй пендебиз да, туурабы? 🤔 Сиздер кандай ойлойсуздар? Жөнөкөй болуп жүрө берсең алдыга өсүү болбойт деп бир жакын эле адам бүгүн "тракторист" болгон сүрөтүмөн кийин сын пикирин айтты...🤔 Сиздерден да пикир уккум келип жатат. Баарын туура кабыл алам. Сиздер менен бирге өскум келет.😌😌😌 ___________________________________________ Видео күздө тойдун башталаар алдында тартылган экен.🤗 Сонун уй бүлө экен. Жакын адамы келгендей эле тосуп алышты эле... Кубанып кызмат кылып, кетким келбей жатып кеткен элем бул тойдон 😁🤗