сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
4543  
23.01.2020
Таенем бала кезде китепти көп окутчу.Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" чыгармасын окуп,чычкан аке суу берчи дегендей тамагымдын кургаганы эсимде.Бир дем менен окуп чыктым эле. 2016-жылы насип буйруп Сахалинге жеке концертим менен Ванино портунан паромдо сапар алдык.Биринчи жолу суу үстүндө жүргөндүктөн бирде толкунданып бирде ыңгайсыз болуп он төрт сааттык жолду бастык.Кемебиз ары бери чайпалса,кылкылдап көңүл айланат.Кургак жер көрүнбөйт,айлана көкмөк мелтиреген деңиз.Паром менен куушуп бизге оюн көрсөткөн деңиз жаныбарлары өзгөчө элес калтырды.Ойкуп кайкып учкан чайкаларды көрүп,бала кезде окуган чыгарма эсиме түштү негедир.Себеби жээк жакын экенин билдим.Дөбөткө окшош чоң зоону көзүм чалды.Деңиз бойлогон ала дөбөткө окшош экен деп койдум.Балким ушул болуп жүрбөсүн?Таптым деп бир сүйүнүп алдым. Улуу жазуучубуз сегиз ай жүрүп Сахалинде жашаган элдер жөнүндө жазганын кийин уктум.Чынында өзгөчө сыр каткан керемет жер экен!! Ушуну жазгым келди.