4515 51
21.05.2020
30 күндө 30 сабак
28-күн
АР КИМ ӨЗҮНҮН ЫРЫСКЫСЫ МЕНЕН ЖАРАЛАТ
Баягыда бир отунчу болгон экен. Кедейликтин айынан шаарга отун терип келип, мына ошол отунду сатып күн көрчү. Бирок ар дайым отунду сатып болгону 200 сом (дирхам) сабат экен. Эч качан андан көп акча таппайт экен. Күндөрдүн биринде бир оолуя аксакалга жолугуп, аз акча тапканынан арызданып калат. Оолуя аксакал:
-уулум, Аллах сенин ырыскыңды 200 сом деп жазган болсо сен эч качан 202 сом да таппайсың - деп жооп берет.
Жообуна арданган киши отунчулукту таштап салып, көп акча табуу максатында кара жумуш аткара баштайт. Биро бары бир ошол эле акча табат. Күндөрдүн биринде бир колунда бар бай манапка жолугуп калат. Бай киши:
-менин короомдо, багымда жумуш бар. Келип аткар, күнүнө мен сага 200 сом кызмат акы төлөп берейин-деп айтат.
Оолуянын "Аллах сенин ырыскыңды 200 сом деп жазган болсо сен эч качан 202 сом да таппайсың" - деген эсине келет да:
-макул барайын, бирок жок дегенде 202 сом кызмат акы бериңиз - дейт.
Анын бул сунушун уккан бай киши:
-жок, короомдо үйүм бош, кааласаң бекер жатып жаша. Бирок ашыкча акча бере албайм - деп жооп берет.
Жок дегенде ушул жумуштан кур калбайын деген үмүт менен макулдук берет. Ошентип иштеп жүргөн кишини жумушун бай киши жактырып калат да, аны кенже кызына үйлөп, ошол үйгө жайгаштырып койот. Ошентип биз билген отунчу үйлүү болот, балалуу болот, жерлүү болот. Ушинтип отуруп байып кетет. Күндөрдүн биринде жанагы оолуяны издеп таап:
-оолуям, сиз мага ушундай дедиңиз эле. Мына азыр байып кеттим, эми эмне дейсиз! - деп суроо узатат.
Оолуя киши баарыбызга сабак боло турган жооп берет:
-уулум, сенин ырыскың азыр деле 200 сом. Ал эми сен ээ болгон мына бул байлыктар аялың жана балдарыңдын ырыскысы-деген экен... АНДЫКТАН
Урматтуу эркектер, үйлөнгөндөн кийинки ийгилик же береке жалгыз эркектики эмес. Ал ийгиликте аял менен бала-чаканын акысы бар... Идрис акын (архив фото)