сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
4372  
10.02.2020
Маалымат каражаттарынан ар кандай жолдор менен каралоо аракеттери-бул бизге көнүмүш эле көрүнүш. Биз системаны сындыра турган, мыкты кесипкөйлөрдү жергиликтүү кеңеш, Жогорку Кеңешке, Өкмөткө алып келүү аракетибизди уланта беребиз, ушактарга маани бербей, убакыт да коротпой күжүлдөп иштей беребиз. Дагы бир жол бар эле, "массалык пропискага коюп жатат, шаарга паспорт ташып жатат, студенттерди мажбурлап жатат" деп интернетке кыйкырып, сын айтып жата берүү. Ага ашыкча акылдын же күчтүн деле кереги жок. Биз өзүбүзчө команда түзүп, ошол терс көрүнүштөргө иш жүзүндө каршы туруп, альтернативдүү жолун сунуштаганы турабыз. Чегирткеден корккон эгин экпейт,-дегендей, биз баштаган жолду жактырбай, нечендеген жугунду куюп турушаарын билип туруп өз алдыбызча чыкканбыз. Так что, ден-соолугуңар чың болуп, өмүрүңөр узун болсун деп, ишибизди уланта беребиз:).
Загрузка...