сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
4265   111
23.11.2019
Менин бир тууган агам.Аты Рыспай деп коюшат.(Маматурайым)😊Уй булообуздо учунчусу.Чыгармачылыкка абдан жакын,ыр жазат,озу да кээде комузда ырдап да калат.Китепти жанынан артык корот,издеген китебинди☝️дал ушул кишинин китепканасынан табууга болот😁.Бала кезимден китепке кызыгуум куч болду.Мумкун адабиятка кызыгуум акемден жана сыйкырдуу китептеринен болсо керек деп коём)))Кичинекей мезгилибизде кечинде уктаарыбыздын алдында соонун чыгармаларды корком окуп,ар турдуу ун ☺менен 😎образда 🤗жеткирээр эле.Коз алдыбызда дал ошол каармандар,ошол суроттолуштор элестеп эле калчуу бизге.Андан да кызыгы🙇‍♀️эн кызыгына келгенде токтотуп коёр эле.😁 Эртен калганын айтып берем.!"Уктагыла"!- дегенде ичибиз ачышкан боюнча ,ар бирибиз ар турдуу ойлор менен барып уктап калаар элек)Биз кичине болгондуктан китепти жыртып салышпасын деп чочуласа керек деп ойлойм азыр))) Ошондой балалыктын керемет кундору отуп жатты.Ар турду кызыктуу китептер биринен бири кызыктуу боло баштады.Кундо жаны чыгарма. Дагы кызыктуу жерден токтоду))) Чыдамым кетти.Баары уктаган учурда ,китепти таап ,👀👣жашынып окуп 📖🕯бутуруп койдум да,уктап калдым.Эртеси баягы буткон жерден улап айта баштайт акем.А мен мурдагыдай суроо бербей тынч олтурам.Кээ берки жерлери айтылбай кеткен учурда,бул жери мындай элего деп айтып алган учурларым далай болду😂😂😂Ошондо акемдин ачуусу келгенин кундор ай)))Бара бара акем иштен келгенче,алманын устуно чыгып,жыш бутагынын арасына олтуруп,далай мыкты чыгармаларды окудум.Ай балалыгым ай😄Мумкун китепке кызыгуумду ошентип остургонбу деген ой келет.Азыр ошол кундорду эстеген сайын кулуп калабыз. Бой тарткан кезде китептерине толугу менен уруксат алдым)акемди жакшы кором#жакындарыбыз#аман#болушсун#бирбоорлорубузаманжурушсун❤❤❤#окуу окуу жана окуу🤩📖
4262     30555
23.01.2020 Crocus City Hall
“Албетте Аллах жана Анын периштелери Пайгамбарга салават-салам айтышат. Оо, ыйман келтиргендер, силер да ага салават айткыла жана толугу менен баш ийген абалда салам айткыла.” (Ахзаб Сүрөсү, 56) "Аллахумма солли ьалаа Мухаммадин набийил уммийи ва аалихи ва саллим" Ас саламу алайкум уа рохматуллохи уа барокатуху! Урматтуу мекендештер! РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНДА ЖАШАП, ЭМГЕКТЕНИП ЖҮРГӨН МЕКЕНДЕШТЕРИБИЗГЕ КУБАНЫЧТУУ КАБАР!!! Жыл сайын бүткүл ааламдын Мырзасы болгон Пайгамбарыбыз Мухаммед (ﷺ)ды жакындан таанытуу максатында МАВЛИД АН-НАБИ кечеси өткөрүлүп келет. Бул жылы да: «ЫРЫС АЛДЫ - ЫНТЫМАК» деген накыл кепке амал кылып, диндеш бир туугандарыбыздын жан-дүйнөсүн азык алып кетүүсүнө ниеттенип, бири- бирибизге болгон ынтымак ырашкерликти бекемдөө максатында КМДБнын РФ-дагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жаткан "МАВЛИД АН-НАБИ" кечеси болмокчу! Пайгамбарыбыз (ﷺ) тууралуу акыл насаат жана сабак алуучу баяндарды Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын Азирети муфтийи Максатбек Ажы Токтомушев жана Кыргызстан аалымдар кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр Ажы Нарматов устаздарыбыз келип эл менен жолугушуп конок болуп кетишет . Ошондой эле Аалымдар кеңешинин мүчөсү, Хадис Академиясынын негиздөөчүсү Чубак ажы Жалилов устазыбыз мекендештерибиздин күнүмдүк турмушка керектүү, көйгөйлүү маселелерине суроо-жооп кылып кеңешин берет, Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын Аппарат жетекчиси Садыбакас ажы Доолов мекенден алыста жүргөн мекендештер менен дидарлашмакчы. Жыл сайын салтка айланган салтанаттуу кечени айтылуу акын Идирис Айтбаев алып бармакчы.. Ошондой эле кеченин коноктору бул күндүн эң бактылуу адамына айланышы да ыктымал, анткени умра сапарына жолдомо утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Андан сырткары бир канча баалуу буюмдар бактылуу орундардын бактылуу ээлерине тапшырылат. Миң уккандан бир көргөн! Андыктан баарыңыздарды келип ардактуу конок болуп кетүүгө чакырабыз. Билеттер саналуу гана шашылыңыздар. Датасы: 26-01-2020 Башталышы: 13:00 Дареги: м. Мякинино. МКАД 66 км, пав3 Международная, 20, CROCUS CITY HALL Билеттер боюнча байланыш телефондору: +7901 7713616 +7968 8845450 +7925 1231013 +7929 5028014