сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
4078   102
27.03.2020
Адамдын жан дүйнөсү өтө чоӊ илим. Бирок ал илим али толук кандуу изилдене элек, себеби ааламдагы бир дагы адам бири- бирине окшобойт. Болгону психология илиминде меланхолик, холерик, сангвиник, флегматик деп темпераменттерге карата гана бөлүп карашат. Бирок мында да адам 100% бир темпераментти алып жүрбөйт, сөзсүз бир эле адамды 2 же 3 темперамент коштоп жүрөөрүн психология илиминин изилдөөчүлөрү айтып келишет. Ал эми биз ошол себептен ааламда бири- бирине куюп койгондой окшош адам эч качан болбойт экенин айткыбыз келет. Демек сиз жалгызсыз. Сиздин мүмкүнчүлүк, сиздин дене түзүлүш, сиздин ой- кыял, сиздин дарамет сизге гана тиешелүү. Сиз эч кимге окшошпогон сыяктуу, сизге да эч ким окшошо албайт. СИЗ КАЙТАЛАНГЫС жаралгансыз, Кудайдын чеберчилиги да ушундадыр. Керек болсо бактын жалбырактары, асмандан жааган жамгырдын тамчылары, бир эне бир атадан туулган эгиз балдар бири- бирине куюп койгондой окшош болушу мүмкүн эмес дешет адистер. Демек биз, сиз, мен өз- өзүнчө ааламбыз. Кыргыз “Ар бир адам, өзүнчө бир аалам” деп коёт. Сизге бир гана жашоо берилет. Ал жашоонун кожоюну СИЗсиз! Анда эмне себептен өзүӊүздү өз колуӊуз менен муунтуп, өзүӊүз басынтып, өзүӊүз кайгы- муӊга ыраа көрүп жатасыз???
Загрузка...
4075   162
22.08.2020
(5) ЖАКШЫ СӨЗ АЙТКЫМ КЕЛЕТ Бирөөгө өтө оор операция жасоо керек болуп Сабыр Жумабековго кайрылышат. Операция оор болгондуктан колдонуучу каражаттары 3000$ турат, алып берсеңер бекер жасап берээрин айтат. Бейтаптын туугандары Кыргыз медицинасынан шекшип, Алматыда 6000$ га эң мыкты жасайт экен, сапаты жакшы үчүн акчасы кымбат ко-дешип, Алматыдан жасатат. Операция ийгиликтүү бүткөнүн угуп, ыраазы болгон туугандары беткапчан чыгып келаткан врачты коридордон тосуп, ырахмат айтышат. Врач кичи пейилдик менен ийилип бет кабын чечсе Сабыр Жумабеков экен. Башка өлкөлөрдүн суранып чакыруусу менен барып операция жасап, лекция окуп тураарын билебиз. Көрсө, биз баркын билбей жаткан бул адам, атанын гана уулу эмес Азиянын, эненин гана уулу эмес Европанын уулу болуптур да. «Басмайылдын кысканын, Ээси билбейт ат билет. Эр жигиттин кадырын, Эли билбейт жат билет»-деген ушул го. Кошунанын коло шакегине кызыкпай, колубуздагы алтынды баалай билели. P.S. Байкенин наамдарын жазсам өтө көп экен, узун текстти жаштар окубай койот-деп жазган жокмун.