3779 85
15.06.2020
Чоңойгон сайын түйшүк жүктөп, жүк артынып, ойдун орун казып , олуттуулук пайда болуп, балалыгыңдын жеңилдиги, жыргалы, көгүш көз айнегиң жоголуп кетет экен. Каткырык, шаң керек тура. Көп көйгөйгө көтөрүңкү көңүл мн карап, жеңил өтүп кетүүгө мүмкүн анткени! Оор басырыктуулук келет отуз жаштын ары жагында. Оордук, салабаттуулук жакшы, бирок айрым учурда көпөлөк болуп, көкөлөп көйгөйүңдүн үстүнөн оңой учуп өткүң келет. #жөнэлеойлор