3684
11.10.2019
Жогорку Кенеш Кр
Кызыкчылык конфликтери (конфликт интересов) деген сөздүн маанисин туура түшүнүп, мамлекеттик креслону, парламенттик трибунаны өзүбүздүн же жакындарыбыздын бизнестерин жылдырганды токтотсок, мүмкүн, эчак эле оңолуп кетмекпиз.
Сиз деле жеке ишканаңызга алынган кредитти мамлекет кечип койсо деп суранат белеңиз? Канча жарандарыбыз кредиттерин төлөй албай, асылып муунуп кетип деле калышкан кездерин эстеп, каршымын. Акыйкаттык болсун десек, анда баардыгына кечирели, арасынан тандалгандарды эле, тааныштар аркылуу чыгарбай. 2,5 миллиард сом карызын кечиргиле деген мыйзамдын аркасында тургандарды иликтеп чыккан @elaman_karymshakov_ ыраазычылык, журналисттер ушундай антикоррупция маселелер менен алек болгондорун туура деп эсептеймин.