сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
3616  
27.01.2020 Al-Haram, Mekkah
Жакшы каалоо-тилектерин арнап жаткан бир туугандарым сиздерден Аллах ыраазы болсун! Ар бириниздерге рахмат айтып жооп жаза албай жатам,бирок ичимден баарыныздарга ыраазычылык айтып жатам. Сиздерди да Аллахым уйуно чакырсын Оомийин 🤲🏻 Бизге да ыйык жерден дуа кылып коюнуз деп суранып жаткандар баарыныздарга дуа кылдым.Сиздер эле эмес элибиз,жерибиз учун да жакшы тилектерди кылып жатабыз ИншаАллах Аллахым кабыл кылсын. Ыйык жерде созсуз дуалар кабыл болот дейт. Ал эми ушул нерсеге дагы негатив жазгандар араныздарда жок эмес экен 😔 алар дагы аман болушсун,Аллахым журокторуно ыйман нурунан чачып койсун ,ылайым Аллахым буйруп ушул ыйык жерге келип калышсын. Дагы бир нерсе мени ырдабай эле кой,жоолугунду чечип саласынбы деп кыжаалат болгондорго анын баарын убакыт корсотот. Журокторубузду тазартып,ыйманыбызды бекемдеп, Аллахтын жалгыз экенине ишенип, Мусулмандык парызыбызды аткарып жатабыз. Бул мактаныч эмес,бирок элдин адамы болгондуктан Ыйманга чакырык катары кабыл алыныздар! Аллах гана мээримдуу, боорукер,ырайымдуу жана кечиримдуу! Аллах жалгыз!
Загрузка...
3612     41508
05.12.2019
2014-жылдан тарта КТРК менен биргеликте бардык айымдарга бактылуулук, сулуулук жана алдыга умтулууну көрсөтүп берүү максатында ачылган “Бактылуу Айым” автордук берүүмдү тартуулап келем. Ар бир адамдан кыялы, максаты болот. Аны ишке ашыруу үчүн сөзсүз жол көрсөткөн адам керек. Аталган берүүнү иштеп чыгуу үчүн көп издендим. Китеп окудум, коомдогу аялдардын ордун билүү үчүн алар менен көп алака кыла баштадым, жан дүйнөсүнө кирдим. Айрымдары ийгиликтери менен бөлүшсө, көпчүлүгү турмуштун оор сыноосунан сынгандарын түшүндүм. Жаркын келечек үчүн акылдуу муун тарбиялоо керек. Ал эми тарбия 90% энеден көз каранды. Тагдырына наалып, жашоосуна кайдыгер болгон аял кантип акылдуу муун өстүрмөк эле? Бактылуу өлкө бактылуу аялзатынан түзүлөт. Бактылуу айым берүүсү, көптөгөн аялдардын жашоого болгон көз карашын өзгөрткөнгө, бардык сыноолорго позитив менен жеңүүгө үйрөтүп, көпчүлүгүнүн жашоосун жакыш нукка өзгөрттү деп айта алам.