3433 561
22.03.2020
Пиляндыш
Иттин көтүнө кат...
****
Кыргыздын кээ бир ырым-жырымына таң калмак турсун, оозуң жабылбай калат. Ыраматылык апам тилиме тибиртке чыкты десем, бул сөздү беш жолу кайталатып, айткан сайын беш башка жаныбардын көчүгүнө эмес, так гана көтүнө каттырчы эле. Анан аягында - "Тьфу, тьфу кайран тилим бок болду, тибирткеси жок болду" деп койчу элек. Болду, ошо менен тилиң дагы таза, башың дагы оорубайт.
*****
Менин эле апам ошентеби десем, баары эле ошентчи экен. Дагы эле кездештирип жүрөм ошондойду. А чоңойгондо бул салтты өзгөчө айрымдарыбыз буквально түшүнүп алат экенбиз да кашайып адашып барып адамдын деле көчүгүнө катып ийет экенбиз кайран тилибизди. Ошондуктан достор былжыраган комментарийлерге көңүл бурбай эле коюш керек, биз ар кимдин көтүнө катып жүрүп бок эмес, чирип калган тилибиз менен кайсы жакшы сөз кыйратып айтмак элек. Иши кылса тилдин тамтыгы чыгып бүттү чорттуку десе, кой андан көрө уктайлы.
*****
Бейпил түн, достор!