сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
3345  
30.12.2019
Келе жаткан Жылың менен дос! Жаңы жылда сизге денсоолук гана каалайм. Денсоолугуң жок болсо бакыт, байлык, жакшылык, сүйүү жана башка толгон токой сага өлө керек деп ойлоп жүргөн оокатың бир тыйын болуп калат. Денсоолугуң жок сен эч кимге керегиң жок, көтөрүлгүс жүк болуп, кайнабаган шоруң кайнайт! Денсоолукту сага бирөө белек кылып бербейт, ошондуктан 20-чы жылы далдырабай денсоолукту карайлы. Жаңы Жылыңыздар менен, достор! ___________________*******_________________ С наступающим годом новым, друзья! На Новый год у меня к вам только одно пожелание - не будьте дураком, берегите своё здоровье. И всё. ****** Если у тебя нет здоровья, у тебя не будет ни любви, ни счастья, ни успехов, ни богатства, ни-че-го. И ты в целом никому и не нужен. И не нужно думать что здоровье вам кто-то подарит, это твоих рук дело, только твоих. Так что не будь дураком в новом году, старайся беречь своё здоровье. С Новым годом!
3343   44
10.05.2020
30 күндө 30 сабак 17-күн АРАМ жана АДАЛ 1-БӨЛҮМ «Бир адам Алла элчисинен: «Мен парз намаздарды окуп, орозо кармап, адалды адал, арамды арам деп кармансам, мындан башка эч нерсе кылбасам, бейишке киремби?» деп сураганда, Алла элчиси: «Ооба» деп жооп берген (Муслим). Алла Тааланын буйрук жана тыйымдарына жараша аракет жасоо, ошол өлчөмдөр боюнча өмүр сүрө билүү – Алла Таалага болгон ыймандуулуктун, аны менен болгон байланыштын өзгөчө белгиси. Адам алдына келгенди, колуна илингенди жей бербөөсү, балит, өлүмтүк, башкалардын акысы кошулган жана динде тыюу салынган нерселерден алыс болуп, адамдык баркын сактоосу керек. ЭТИ ЖЕЛЧҮ АЙБАНДАР Бардык диндерде эттерин жешке боло турган жана болбой турган айбандар жөнүндө өкүмдөр табылат. Пайгамбарыбыз (САВ) да Алла Тааланын ага билдирүүсүнөн улам кээ бир айбандардын этин жешке болбосун мусулмандарга үйрөткөн. Эми эти адал айбандар: А. КУРГАК ЖЕРДЕ ЖАШООЧУ:  Кой, эчки, уй, топоз, төө, коён, тоок, үндүк, каз-өрдөк  Аркар, кийик, жейрен, жапайы уй-топоз жана зебра өңдүү жапайы айбандар.  Көгүчкөн, таранчы, улар, кекилик, бөдөнө, чыйырчык, балыкчыл өңдүү канаттуулар.  Тырмак жана чеңгелдери аркылуу ууланган аңын мыкчып тытпай турган, өлүмтүк жана балит нерселерди азык катары колдонбогон бардык жапайы канаттуулар.  хадисте атайын өкүм келгендиктен чегиртке адал болуп саналат.  Жылкынын эти 4 мазхаб боюнча адал. Б. СУУДА ЖАШООЧУ АЙБАНАТТАР Сууда жашоочу айбанаттардан балык түрүндөгү бардык деңиз жаныбарларынын этин жегенге болот. Ошону менен катар биз деңиз жаныбарларын төмөнкүдөй эки топко бөлүп кароого акылуубуз: 1) Балык түрлөрү: Балыктын бүткүл түрлөрү адал. Балык түрлөрүндө «аккан кан» болбогондуктан атайын муздоо маселеси керек эмес. ханафийлердин пикири боюнча өзү өлүп калып, суунун бетине калкып чыккан балыктарды жешке болбойт. 2) Балык түрүнө жатпаган суу жаныбарлары: Мидия, бака, краб (рак) өңдүү суу жаныбарлары ханафийлер боюнча адал эмес... УЛАНДЫСЫ БАР..... (сүрөт өткөн жылы Рамазанда УММА журналынын диалог ооз ачарында тартылган) 10.05.20 ИДРИС АКЫН
Загрузка...