сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
3245   77
24.12.2019
Урматтуу боорукер айымдар. Жаны жылга карата "Боорукер журок" акциясы отмокчу. Максаты жардамга муктаж айымдарга жардам беруу. Акцияда балдары ДЦП энелерге токтолду. Копчулугунун куйоолору дал ошол балдары учун таштап кеткен. Эне да баласын канатына калкалап, жетишээр жетпес жашоодо, батирлеп жашап келишет. Мына ушундай оор тагдырдагы энелерди тандап алдык. Келиниздер Аллахтын ыраазычылыгы учун 20 сом болсо садака кылалы. Садака да кырсык, балээден сактайт. Кудайым ошол акчанызды он эсе кылып берээр. @booruker_juroktor баракчасына кирип балдар менен таанышсаныздар болот. Кун сайын баракчага ким канча акча салганы тууралуу отчёттор жарыяланып турат. 30-январь куну акчалар энелерге тапшырылат, баракчада отчёт берилет. Элсом - 0771800545(единица да салсаныздар болот). Элсом энелердики, акча энелерде болот. Кайдыгер карабайсыздар деген ойдобуз.
Загрузка...
3241     24439
27.09.2019
Бекин Сейдакматов деген ким? А Бред Питчи? Анжелина Жолини тааныйсызбы? Даркүл Күйүкованычы? Нурлан Абдыкалыковду уктуңуз беле? Майк Тайсондучу? Усейн Болтко катар Игорь Паклиндин аты эмнеге айтылбайт? Эмнеге Дубайга, Анталияга баруу - аброй да, Таш-Рабатты, Кара-Койду, Кароол-Чокуну көрүү максат эмес? Аясофияны көрсөк мактанабыз, Буранабызга маани бербейбиз? Өзүбүзгө үңүлөлү, өзүбүздү тааныйлы! Өзүбүздү билели, үйрөнөлү. Биз ошонубуз менен элбиз, улутпуз... "Өзүңдү тааны!" долбоору башталды, буюрса. Биринчи конок - актер Болот Тентимишов болду. Кочкор жергесинде абдан пайдалуу жолугушуу өттү. Эмки конок - жакында эле эл акыны болгон белгилүү калемгер Карбалас Бакиров. Токтогулдун Бел-Алдысында, буюрса, эртең... Өз каармандарыбыздын аттарын эле эмес заттарын, сыртын эле эмес жан дүйнөсүн аңтарып түшүнүүгө мыкты мүмкүнчүлүк... Жер кыдырып, эл тааныганга ырыстуу ыңгай. Жараткан жар болсун... #Өзүңдү_тааны