сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
177   11   2183
09.09.2020
Кылымдап Ата-Конушу, Кыш-жайы кутка толушу, Кызыгып дүйнө сук арткан, Кыярбас мукам добушу, Кымбаты артык жанымдан, Кыргыздын үч кыл комузу! Кымбаттуу Туугандар! Баарыңарды бүгүнкү "Комуз" күнүңөр менен куттуктайм! Сиздерге атам Абылов Мукулдун аткаруусундагы элдик: "Кер толгоо" күүсүн тартуулайм! Атам: "Илгээрки заманда бир хан, өзүнүн минип жүргөн кер атын аатактуу бир комузчуга берип: - Ушул атымды күнчөлүк жерге (бир күн жүрүүчү жерге) минип барып, эртеси кайра тартасың да, бир жуманын ичинде атыма күү чыгарасың! Эгер, чыгарган күүң мага жакса сыйыма татыктуу болосуң, жакпаса башыңан айрыласың! - деген экен. Ал ат, жорго десең жорго, күлүк десең күлүк, кыскасы, жылкы баласында эмне өнөр болсо, ал атта бүт болгон экен. Ошондо, алиги комузчу, хандын айтканын аткарып, Кер атка ушул күүнү чыгарып, тартуу алып, күүнүн аты "Кер толгоо" болуп калган экен" - деп, атам айтып чертээр эле. Эмесе, ошондогу Кер аттын жүрүшүн көрүп, тыңдап коюңуздар!
149   5   2181
23.05.2020
Reposted from @chingizalbert Ар бир ырчынын репертуарында өзгөчө бир ырлар болот эмеспи. Бул ырыбыз да ошондой болуш керек деген кыялдабыз. Мыкты чеберлер тарабынан жасалган, керектүү маалдагы керектүү чыгарма. Баардыгына терең ыраазычылык, бул биз үчүн жөн гана клип эмес, өзүнчө эле мини тасма болду 😊. Бизде Буйруса баары жакшы болот деп ишенебиз ✊, негизгиси ар бир жүрөктө мээрим, сүйүү, айкөлдүк жашаса, ошол жетиштүү деген ойдобуз ❤🙏🇰🇬. Анда назарыңыздарда @tamga__ аткаруусундагы «Кыргыз уулу» ырына даярдалган клипти көрүп коюңуздар. Толук видео Chingiz Albert Team Youtube каналында. Профильдеги шилтеме аркылуу өтө аласыздар. Мыкты командага терең ыраазычылык: Режиссер: @mirlansatkymbaev Со-режиссерлор жана Анимация: @asekovtilek @shakhnazar_borboev Backstage: @davletkazybekov Aдминистратор: @azat_umarbekov Ассистент: @arunov_ Актерлор: @jamilyasydykbaev @azizkan_ Техникалык база: @antares_group Дрон: @nurlan_asanovich Локация: @bolotbek_urazaliev Стилист: @_style_master_ Көйнөк: @j_satarova Сүрөтчү: @astrea_art (көйнөктөгү сүрөттөр жана бойок) Аксессуарлар: @zalkaraskaraliev05 Колорист: @katrin.red.matrix Чач жасалмалар: @kanykei_hairstylist Make up: @tamga__ @vika._sokolovskaya Сөзү, обону: @chingizalbert Аранжировка: @ernest_zhooshev Директор: @venerakim86 Колдоо: @erma_official_ Санарип колдоо: @infinitymusic.pro #tamga #youtube #chingizalbertteam #kyrgyzuulu #kyrgyzstan #video #new - #regrann