сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
1799   96
01.07.2020 Biskek , Kyrgystan
💰Туура 5 күн биз сииздерге 1.000.000 теңгеден белек кылабыз 🤩Биринчи түз эфир бүгүн саат 23:00дө! 💥 Катышууга ШАШЫЛҢЫЗДАР 🏃🏻‍♂️🏃🏻‍♀️ ЭРЖЕЛЕР ЭҢ ЖӨНӨКӨЙ⬇️ ⠀ ✅ Мени бардык досторумду өзүңө АЛЫП АЛ, алар менин ПОДПИСКИ бөлүгүмдө (31) + МЕН ✅ ⠀Менин бардык досторумдун акыркы 5 жана жаңы публикациясына да "лайктарды" бас! (Бул өтө маанилүү, себеби биз күн сайын жеңүүчүнү каалаган блогердин каалаган постуна коюлган "лайкына" жана комментарийлер жазгандыгына карата тандайбыз). ⛔Тандоо менен текшеребиз (3 блогердикинен) ———————————————- Катышууга барына мүмкүн🤩! _____________________ 🔥СТОРИСТЕ да таратуу бар🔥 СТОРИСТЕ менин фотомдо жашыл түстөгү бир нерсе көрсөң, директке «ШТРАФ» деген сөзүн жаз! Эң биринчи жана кунт коюн коюучу ошол замат 1.000 теңге карточкасына алат! СТОРИСТЕГИ таратуу 5 күн! ⠀ ИЙГИЛИК 😍 #lizaonair @lizaonair
5921  
29.09.2019
Энем сөөктү таза мүлжүсөң, эриң сулуу болот десе, тим эле мүлжүйт элем болгон тишиме салып, итке эч нерсе калтырбай. Илгери кесир болбосун деп эле бирөө тамаша ирээтинде деп койсо керек да. Аны ким билсин? Бирок, кыздар, эркектин сулуулугу сырткы дүйнөсүндө эмес экен. Эркектин сулуулугу анын эр жүрөгүндө, тайманбастыгында, ыйманында, марттыгында, маданияттулугунда, курчтугунда, тыңдыгында, табышкерлигинде, билиминде, эмгекчилдигинде, сыйында, камкордугунда экен! Жүрөгүнүн сулуулугу жүзүнө чыга келет. Эркектин колун кармаганда эркек экени билинип турсун. Салмактуу, орундуу, кызыктуу сүйлөгөнү болсо, кулагың жыргайт. Далдайып, олбурлуу болуп, карааны сүрдүү турса, өзүңдү корголгондой сезесиң. Айбаты көрүнүп, сүрү билинип, жүрөгү курч турса, кандай гана кыз болбосун багындыраар. Улуулуктан сүйлөсө, ою бийик болсо, жүрөгү таза болсо дейсиң! Карааны тоодой, жүрөгү кең, курч жигиттер калгандыр! Илгери чептен эрдин күчү бек дээр эле. Алар фейсбукта, инстаграмда эмес чыныгы жашоодо жүрүшсө керек. Бул жакта болсо деле билинбей жүргөндүр. Чыныгы мырзалар, айбаттуулар, кайраттуулар, силер бар болгула! Саныңар көбөйсө экен! Көбөйсөңөр, эркектен күч талашкан кыздар назик жанга айланмак! Силерден талашмак эмес бийликти. Бийиктикке чыгарып, артыңарда жөлөк болоор эле! #жөнэлеойлор
Загрузка...