5303
25.09.2019
Чоң энемдин "болбойттору" же "жаман болоттору" :
1. Бутуңду тартпа, жаман болот
2. Тамак ичкен соң, дароо жатпа." Акылы жокту алып урам". 3. Керилбе, жаман болот
4. Тырмакты кечинде алба, жаман болот.
5. Күүгүмдө уктаба
6. Күлдү тебелебе
7. Кыз киши тамакты колунун чуңкурчагына гана теңеп ичиш кк
8. Ары карап ыйлаба
9. Чоңдорго аркаңды салба
10. Малдаш токунуп отурба
11. Кечинде түш айтпа. Жаман түштү жоорутпа. Сууга агыз
12. Эстегенде колуң менен оозуңду жаап алып эсте.
13. Эркекти аттаба, теппе, кийимин тебелебе, баш кийимин бийик кой...
14. Баш кийимди тебелебе, бирөөгө бербе...
15. Акырын, аз сүйлө, сыпайы күл, зымырайып жүр...
16. Чачыңды жазба
17. Бөйрөк таянба
18. Таяк таянба
19. Чөмүчтөн ичпе, күйөңдүн мурду чөмүчтөй болуп калат
20. Тузду төкпө. Кошунага туз бербе
21. Жакындарга ит бербе. Итче ырылдашып каласың.
22. Сөөктү таза мүлжү. Аялың/ күйөң сулуу болбой калат
23. Тамакты эки колуң мн кармап же
24. Эшикти теппе
25. Кыбыланы теппе
26. Шыпыргыны тик койбо
27. Жер таянба ......
28. Үшкүрбө. Этегиңди уй жегир!
29. Кол жууганда колуңдун суусун силкпе!
30. Босогону тебелебе.
31. Эшикти кулачтаба.
32. Күкүмдү тебелебе
33. Бешикти бош терметпе
34 . Сөөмөй мн көргөзбө
35. Идишти жууп жат. Шайтан - шабырлар аралап кетет
36. Акты кечинде бербе
37. Кечинде жылаң баш чыкпа
38. Тамакты шоркуратпай ич. Оозуңду жаап чайна
39. Жаак таянба
40. Жипти моюнга салып ойнобо. Анты болот. .....эстегенде толуктайм ..
.