сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
3817   165
21.04.2020
Элмирбек ага айла жоктон коштошууга аргасызбыз,🥺 жаткан жериң жайлуу болсун.🤲🥺Жаннатың бейиштен болуп,🤲 булбулуңду бейиштен тап🤲.🥺 Мезгилдин агымында калдактап, Мен да,сен да,ал карбаластап. Агып бара жатабыз кайда,кайда.... Асыл,асыл күндөрдү чаң таштап. Көр тирлик эй көргө көр жетеленип, Көрө албастык,ач көздүк ,теберлик. Көмкөрүлүп турса да үстүбүздө, Көрбөй койдук, көрмөксөн кете бердик. Жалганынан чындыгын айрый алгыс, Оо, не деген өмүрсүң? кайрый алгыс.! Ийинибиз тийишип турган менен, Ийин сооруп баратат жалгыз,жалгыз.... Пенде экенбиз кантели өлүп-талып, Периштесин пейилдин көмүп салдык. Басып жүргөн боюнча өлүп калдык, Байкабайбыз ошого көнүп калдык.... Алганыбыз көп болду беребизби? Келген жээкке кетирдик кемебизди. Күүгүм кирип келетат мен жалгызмын, Күн чыкканда биз чогуу келебизби? Ар адамды ар жерде арал кылып. Арабызды коюлайт караңгылык, Табыша албай калганча үн каталы. Таап алалы адамды адам кылып. ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ.
Загрузка...
1436   32
29.04.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Кичинекей кезде эн койгой жараткан бул тиш болсо керек.Себеби таттууну ушунчалык жегиси келет,тишине курт тушоорун билишпейт😧. Анан ооруп баштаганда эмне кылаарыбызды билбей калабыз🤭. Бизде дагы ошондой эле баламдын тиштери жакшы эмес болуп жатат. Балам тиш доктур дегенди укканда эле чалкасынан кетет.Мейли оорусун доктурга барбайм дейт😀. Алдап жатып ушу Айпери эжекесине алып бардым. Айперишка баланын тишин ушундай соонун жасайт экен👍👍👍👍. Балам менен ойноп жатып эле тишин тазалап,бутуруп койду👍.Анан дагы балама приз берип койду эле, балам айтат эртен дагы келейинчи деп🤗.Ошентип баламды кондурдук эми буйруса баардык тиштерин тазалатабыз👍👍. Негизи бала менен иштей билип баланын тилин таап алса балага дагы ,доктурга дагы жакшы го деп ойлойм. Балдарыбыздын тиштерин ушундайында карабасак кийин кеч болуп калат. Эгерде сиздер дагы баланын тиштерин жасатам десениз анда бул адреске кайрылсаныздар болот👍 @stomatolog_maksatova @estedent_kg Сурап билуу номери:0500310033☎️☎️ 0554310033☎️☎️☎️☎️