6186 264
109275
10.05.2020
"Ылайым эле, КАРЫЛАР ҮЙҮ жабылып калсын!"- деп тилейм 🙏🥺...ар келген сайын жүрөк сыздайт..кээде концерт берип кетем ..өкүнүчтүү тагдырлар ар түрдүү 😪! Рамазан айында кайрымдуулук иштеримди улантып жатам! Элсом номер ачып, уюштуруп аракет кылып жатам! 1 адамды сүйүнтсөк да кубанам 🙏! Бүгүнкү Карылар үйүнө керек-жарактарды Каныбек аттуу Кыргыздын мыкты уулу, агабыз алып берди 🙏Аманатты алып барып бердик🙏!Каныбек мырза бар болуңуз, бактылуу карылык насип этсин 🙏! Ушул постту окуп жаткан замандаштар ылайым Балдарыңыздар кайрымдуу чыксын 🙏🙏🙏! Баарыбызга бактылуу, ырыстуу, карылык насип этсин ылайым 🤲🤲🤲! Рамазан айында сиз да жардам берем десеңиз 0773911111 ЭЛСОМ номерим! Буйруса биргеликте көп жакшылык кылабыз!