сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
5104  
10.02.2020
Жамбаштап жатып алып сүйлөшөйүнчү..неме, көрсө, мен, эркектерди аябай аяйт экенмин. "Бир нерсе сатып берейимби?"десе эле башымды дароо чайкап, "Кереги жок" дей бермей адатым бар. Сатып берип койсо, тим эле банкрот болуп калчудай. Оюмда "Акчасы түгөнүп калат", "Убара болот", "Өзүм деле таап алам да! " деген нерсе бар. Бул психологияда эмне деп аталат билбейм. Балким, энелик инстинктим аяттырып аткандыр. Балким, алмайдын бермейи бар да деп бирөөгө карыз болгон жакпайттыр. Балким ичимдеги аялдык аз брлуп аткан чыгар. Балким, өзүмө өлө ишенеттирмин. Акчаны өзүм деле таба алам деген бекем ишенич тургандыр. Балким, жөн эле мээси иштечү жерге иштебеген жинди кыздырмын. Кыскасы, "Абересиң!" системасы менде бузук. Жолдошумду азыркыга чейин аяйм. Балама ашыгыраак акча сурап калсам, түгөнүп калчудай сеңим мн аяйм да баардык түйшүгүн өзүм көтөрө берем. Бирок, бир аял , - Эркекке эркелеп, аял канчалык "Абересиң!"деген сайын ага мотивация пайда болот. Ал дагы иштегиси келет. Көбүрөөк акча тапкысы келет. Шерденет!"деди эле. Мунун канчалык чындыгы бар билбейм. Мырзалар, силерге мындай суроо. Бир айым "Абересиң?"дегенде кандай сезим болот? А) Эркелеп атканын түшүнөсүз. Бул нерсе жагымдуу. Каалаганын "абересиң". Б) Кыйнаган нерсе. "Абересиңге" аллергияңыз бар. В) Сизге бул мотивация. Г) Кыздардын баарында "Абересиң" системасы бузук болсо, жакшы. Кыздар, бул сезим силерде деле барбы, же мен "кечирип коймунбу"?) #жөнэлеойлор
Загрузка...
2024   257
28.02.2020
Тааак, ошондо азыр Москвада саат 11 болду да ээ? Жакшы ойгонуп, чай-пай ичип алдыңыздарбы? Анда айта берейин ээ☺️ Жаз келээри менен майрамдык маанайларды артынып алып жөнөп жатабыз, сиздер тарапка Дайыр брат экөөбүз 😇😇😇 Барып бииир ырдап, бийлеп мекенге болгон сагынычыңыздарды бир аз болсо да таратып келели депчи 😊🤗 Ошого, эртерээк айтып коёлу дедик эле. Былтыркыдай "укпай калыппыз, эртерээк айтпайт белеңер" дебеш үчүнчү 😊 Азыртадан пландап, жумушуңуздардан уруксат сурап, билет алып дегендей 😇 Буюрса, өзгөчөрөөк концерт койгонго аракет кылабыз. Келиңиздер ээ😇🤗 Күтөбүз. Москвада жүргөн мекендештер, окугандар болсо мынтип 🤚🤚🤚 кол көтөрүп белги берип коюңуздар ээ🤗 Бул жакта туруп эле окуп жаткандар болсо Москвада жүргөн тааныш, тууган, досторду комментке белгилеп коюңуздар, келип көңүл ачып кетишсин 🤗 Ошооо😇😇😇 Корушкончо анда 💐😘 Толук маалымат сүрөттөгү номерлерде 📞📞📞