сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
3735  
28.12.2019 Государственная Резиденция "Ала-Арча"
Чынгыз Төрөкуловичтин СССР учурунда элчи болуп тургандагы элчилик формасы экен. Үй музейин көрүп жүрүп уктоочу жайына кирсем илинип туруптур. Анан жанагы бизде бир келесоо салт барго министр, депутат же бир чоң ичкен ыстаканынан ичелик, жууба кокуй, бизге дагы жуксун алтын шилекейи, кокуй калган тамагын ыргытпагыла, жеп салалык, биз дагы чоң бололу, турсий байпагын мага бергиле шыбоосу, калдыктары балдарыма жугуп, балдарым кийип ошондой чоң болсун, алар кирген толетке аркасынан кире калайын, мен биринчи отурайын, жыты мага сиңип мен дагы ошондой сасып...ой буркурап жыттанып чоң болоюн дегенчи? Так ошол салтты эстеп кетип, кийипийеин кийипийеин деп аз эле калдым, кокуй сабыр Илим сабыр, колуңдан карма өзүңдү, элдер карап турат, бул айбан экен деп айтат деп, шек билгизбей "Иии жакшы экен деп" өзүмдү укмуш тартиптүү культур-мультур адам сыяктуу кылып шек не давать кылып чыгып кеттим. Үфффф! Биздин салттарыбыз эле бир укмуш, азгыратго чиркин азгырат...
Загрузка...
6249  
12.01.2020
Сүйгөнгө, жашаганга башка дагы жашообуз болчудай, бул жашообузда жөн эле репетиция кылып, көп нерсени эртеңкиге калтырып, түйшүк оронүп, түмөн ойдун түбүндө жашайбыз ээ? Биз кыргыздар материалдык байлык чогултуп, эл көзүнө бардар көрүнүш үчүн чабалап атып эле өлүп калат экенбиз. Сырткы дүйнө үчүн болгон күчүбүздү, көңүлүбүздү коротобуз. Ички дүйнө бопбош, кедей бойдон өтөт экен. Жыл сайын план түзүп жашаган жаным былтыр өзүмдү шар аккан жашоонун шарданына ыргытып жибергем. Тагдырым, жашоом, эртеңимдин ээси Жаратканым болсун дедим. Быйыл дагы план түзгөн жокмун. Өлүмдүн алдында турганда көзүмдү жумуп баратып, элесимде сонун ырахаттуу күндөрүм калсын. Ар бир күнүмдү акыркы күндөй, даамын татып, көкүрөк толо моокум кангыча ырахаттанып жашагым бар. Кейип, тытынып, там салып, бирөө үчүн жашап жүрүп өткүм жок. Аркы дүйнөгө акылыңа сыйган каткырык, шаң, жыргал, боорукерлик, мээрим толгон элестер мн кетсең, сонун эмеспи ээ? Ошон үчүн планда өзүмдү тарбиялоо, ден соолук чыңдоо, элге жакшылык жасоо, саякаттоо, өзүмө жаңы эмоцияларды тартуулоо, дегеним велосипед тепкенди, лыжа, коньки тепкенди үйрөнүү, парапланда, желим шар мн учуу, парашюттан секирүү, китеп окуу, жакшы адамдарды курчоо, улуулук тууралуу маектешүү, жашоону, өзүмдү, бирөөнү сүйүү, кечире билүү, кечирүү, көңүлүмдү, жан дүйнөмдү тазалоо, жакшы көргөн ишимди ырахаттанып жасоо, көбүрөөк каткыруу, ар бир мүнөтүмө шүгүр кылуу, Жаратканга дагы жакындоо, спорт менен машыгуу, керексиз ойду, сананы токтотуу, жакындарым менен көбүрөөк чогуу болуу сындуу нерселер бар. Жазып атып, өзүмө өзүм шыктанып, суктанып, тамшанып кеттим да, чиркиндики! Руханий байлык болсун. Материалдык өзү эле алдыңа тоголонуп келет. Жөнөкөйлүк менен адамгерчиликтен айтса экен Кудай. #жөнэлеойлор