5336 141
01.03.2020
Туулган күнүң менен балам, отузунда орок орбогон кыркында кылыч чабалбайт деген акылман элибиздин кеби бар, андыктан ушул жашыңда көптөгөн ийгиликтерди, элдин батасына арзырлык иштерди жасоого тийишсиң. Өнөр жолу жөнөкөйлүк менен чындыкты сүйгөн аруу жол, ар дайым чындык тарапта болуп кичипейилдике жолдош бол, бүгүнкү жасаган ийненин көзүндөй ийгилиң адамдардын алкыш батасы менен чоңоюп өсө берсин балам, Аваз балаң жакшы деген сөз мен үчүн дагы дем сүйүнүч болор, аман жүр баатыр, калкыңа каруу болор ырларды ырдап аруу дүйнөдө оорубай кылым жаша, отуз жашың кут болсун балам!!! #туулган_күнүң_менен