сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
541  
04.10.2019
ЖАШООДОГУ ЭҢ ЖАКШЫ МАМИЛЕ Илгери апаларыбыз тамак жасаса болгону бир эле чыны ашыкча суу куюп, тамак бышкандан кийин бир чыны тамакты кошунага жеткирип келет элек же көбүнчө: "бүгүн мен тамак жасайм, Калинса силер биздин эле үйгө кирип жегиле. Тамак жасабай койо бер" - деп кошуналар бир-бирибиздин үйүбүзгө үйүлө калчубуз. Кошунадан бир нан алсак, кайтарып берээрде бир нанга бир токоч кошуп кирчүбүз... Үйдө туз-чай түгөнүп калган болсо :" бар Гулжамал, Надира жеңеңден сура, болбосо Макпурат чоң апаңа бар"-дейт эле😊😊😊😊 Абдулла бин Мубарак деген сахабанын жөөт кошунасы бар эле. Ошол жөөт үйүн 2000 динарга сатам деп турса ошол үйдү алгысы келген мусулман киши: "Эмне мынча кымбат, бул айылда үйлөрдүн баасы бир миң эле динар го" - деди. Жөөт :"Миң динар үйдүн баасы, ал эми миң динар Абдулла бин Мубарактын кошуналык болгон баасы" - деген экен... Эгер сени кошунаң жакшы десе, анда сен Аллахтын назарында да жакшысын, эгер сени кошунаң жаман десе, анда сен Аллахтын назарында да жамансын" - хадис... Жашоодогу эң жакшы мамиле - кошуналар менен болгон мамиле экенин унутпаңыздар!!! 04.10.2019 Идрис акын
496   18
01.08.2019
Бугун апамдын туулган куну🤗 Апамдын сабырдуулугуна качан да болсо баа берип келем.Жер солк этсе да эч нерсе болбойт баары жакшы деп жайгарып коет.Чыдамкайлыгында чек жок.Апам позитивдуу адам анча мынчага майтарыла бербейт.Кандай гана кырдаал болбосун маанайын бийик которуп журот. Бирок ушул кайратын балдарынын астында сындырбай кубат болоюн деп озун демдуу алып жургондой. Беш баласын "Менин беш жылдызымсынар"- деп эркелетет. Капаланып калсам "Кыжаалат болбо бары жакшы болот, ушуга эле жалпак жожо болуп каласынбы😂деп тамашалап коет☺️ "Силердин бетинерге бырыш тушсо, менин журогумо бырыш тушот, озунорду жакшы карагыла балдарым деп турат. Апам кун алыс "Мен бактылуу энемин силер бизди жер каратпадынар - деп алкап да калат. Бугун апам группага "Силер бар мен эч картайбайм! Силер кайда болбогула менин журогумдун эн терен жеринде сокконунда турасынар! Балдарым менин асылдарым!!деп жазды. Апа сизди жакшы кором 😍🤗🤗🤗🤗🤗🤗🤗🤗Апалардын асыл создорун жазабыз, окуп жыргап калайын😚
Загрузка...