сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
1010   45
02.04.2020
Достор кандайсынар? Карантинди кандай өткөрүп жатасыңар? Кечээ кыялымда балалыгыма кайтып, балам менен атышмай ойнодум.Бала кезде "татах" деп койчубуз. Кадимкидей черим жазылды. Баламдын кубанычында чек жок. Көзүмдөн жаш куйулуп кете жаздады. Көрсө балдарыбызды окутуп,курсагын тойгузуп,кийинтип-ичинтип жатабыз деген ой менен жүрө берчү экенмин. Ойунчуктарың менен ойно балам деп телефондон башыбыз чыкпайт же үйдө көп деле болбой калабыз. Көр дүйнө менен алышып турмуштагы көп баалуулуктар көңүл тышында калып калгандыгын эми сезип отурабыз. Аты жаман илдет дүйнө жүзүнүн жана анын ичинде мамлекетибиздин,элибиздин экономикасына канчалык чоң таасирин тийгизип,адам затты оору менен коркутуп ар бирибизди үй камаганы менен башка көптөгөн баалуулуктарды көзгө сайып көрсөтүп койду. Аялым жакшы адам экен, улуу эки кызым чоң кыз болуп калыптыр. 😄 кичине тамаша аралашып кетти. Үй бүлөөбүз менен бирге болуп ар дайым бактылуу бололу. Баардыгыныздарга аманчылык тилейм.
2559   75
27.04.2020
Бир жашы өтүп эле калган киши кошуна жигитти "ууру" деп ушак тарката берет экен. Анан аны шектүү катары кармашып, кайра бир канча күндөн кийин кылмыш кылбаганы аныкталып, үйүнө чыгып келет. Аябай ачуусу келген жигит кошунасын жалган жалаа учун сотко берет. Сотто болсо тиги киши "Бул жөн эле сөз да. Жөн эле айтып койдум. Эч кимге жамандык кылайын деген оюм жок эле" деп актанат. Сот болсо ал аксакал кишиге "Сиз азыр отуруп, бул жигит жөнүндө эмне айтып жүргөнүңүздүн баарын кагазга жазып, машинада баратканда майдалап жыртып, терезеден ыргытып жибериниз. Эртен кайра сотко келиңиз. Анан чечим чыгарам" дейт. Эртеси келгенде "Эми барып, кечээки жартып ыргытылган кагаздын баарын бирден таап келиңиз" дегенде тиги киши ыйлагыдай болуп "Алардын баарын кайдан табам. Шамал учуруп кетпедиби" десе " сот " Дал ошол кагаздан жыртылган бөлүктөрүндөй тарап кеткен ушак, жалган жалаа да адамдын беделине доо кетирип, жашоосун кайра калыбына келбей турган кылып бузуп койуусун эстен чыгарбоо керек!" деген экен. Ушакчы - уурудан да жаман. Себеби ал адамдын кадыр-баркын, ар намысын уурдайт. Ошон үчүн ар дайм өз сөзүбүздүн кулу эмес, ээси болуубуз керек. Акбалык Жумалиева.