сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
16275     84989
28.11.2019
Ассалам алейкум КЫРГЫЗ ЭЛИМ!🇰🇬 Стердаун (Face to face) болуп бүттү. Ачыгын айтсам акыркы беттештен кийин салмак 78КГ өсүп кетиптир. Мен бул уюм менен 61.7 кг га контракт , келишим түзгөнбүз. Акыркы беттеш менен азыркы беттештин аралыгы өтө аз убакыт болгондуктан эс алууга аябай аз убакыт болду. Анысы аз келгенсип салмак 78кг га чыгып кетиптир. Мунусунда салмак кууш аябай оор болду мага. Биртке салмак оор болуп калды ошого байланыштуу 30% гонорар кыскартылат. Жакында видео киргизип , силер менен бөлүшөм. Казахстан бизге жакын жана бул жакта жердештерибиз аябай көп ошондуктан , өзүм уюмдун башчыларынан суранганбыз. АСА макул болду эми эртең Алматы аренасында АСА 102 бизден 4 мушкер чыгабыз , баарына ийгилик. Мекендештер келип колдоп коштоп кетиңиздер. Кыргызстандын желегин көтөргөнгө сыймыктанам. Алга Кыргызстан 🇰🇬 Күч биримдикте 🇰🇬🇰🇬🇰🇬 @aca_mma
8780   330   84980
16.04.2020
#БАРБЫЗ долбоорунун алкагында өлкө жарандарына COVID-19 коронавирусунун жайылышына бөгөт коюу максатында, “Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фонду эстрада жылдыздары менен биргеликте Фонддун каттоосунда турган ошондой эле, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясынын тизмесине ылайык 1280 муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыктарын жана жеке гигиенага керектелүүчү бет кап, антисептик, самын ж.б.у.с таратышты. Ушундай оор кырдаалда муктаж үй-бүлөлөрдү колдоп, бул долбоорго кол кабыш кылып, жардам берген баардык мекендештерибизге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз! Сиздин кайрымдуулугуңуз ар бир муктаж үй-бүлөнүн бүгүнкү жана эртеңи үчүн абдан маанилүү! Акча которуулар үчүн төмөндөкү номурлар кызмат кылат: ЭЛСОМ-0770 00 40 44 БАЛАНС-0770 00 40 44 М-БАНК-0770 00 40 44 0 ДЕНЬГИ-0770 00 40 44
Загрузка...