22345 254
14.01.2020
Каттамыбыз жылып, учака өзүнчө бир автобус менен жетип, жолдо жалгыз үч кызым менен эрдигимди-өзүмө көргөздүм. Дубайдан Бишкеке кайтып келе жатып катуу жаан менен чагылган аралашкан асманда учак катуу чайпалып келди. Билген беш дуаны катар айтып келдим. Жалгыз учканда коркпойм,
үч кызым менен көз ирмей албай коркуп келдим. Кудайдын буйругу менен аман-эсен жетип алдык. Жүктөрүбүз көп, жалан таттуулар. Дароо көтөрүшүп,
жардамдашкан инсандар табылат. Рахматым айтып, танкы беште аэропорттон Эржан менен Эрмекти көрүп сүйүнүп кеттим. Себеби, кайсы жака кетпейин Эржан: “эжеке, кандай эс алуу?, качан келесиздер? тосуп алайын” деп турат . Кээде сырдашып да калабыз. @erjankadyrbekov_studio рахмат!