сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
7800   317
06.05.2020
Аты жаман таажы вирус бүт ааламды алдастатып турган чакта алакандай мекенибизде дагы бир табийгый апаат болуп, мекендештерибизге түйшүк салды. Лейлекте каттуу жаандын кесепетинен улам сел жүрүп, жай турмуш кечирген карапайым адамдардын мээнет менен тапкан там -ташын, короо- жайын, гүлдөгөн чарбагын тыптыйпыл кылып кетти. Табияттын кырсыгы айттырбай келет экен. Жаз алды менен маңдай тер төгүп эринбей эмгек кылып, күздүн берекесине үмүт арткан дыйкандар көз ирмемде баарынан кол жууп калганын көрүп жүрөк ооруйт. Тилсиз жоо айрымдардын үйүндө жеп отурган унун, короосундагы мал жанын, айрымдардын жылдап тапкан кирешесин бүт агызып кетти. Кудайга шүгүр, жаратканга миң рахмат адам өмүрүнө зыян болгон жок. Алтын баштары аман болсо акырындап баары оордуна келет буйруса. Бирок ийнең жоголсо да ичиң ачышат дегендей бүгүн бар тапканын селге алдырып отуруп калган мекендештердин абалы оор. Алар моралдык жана материалдык колдоого муктаж. Мен бүгүн жеке үй- бүлөлүк бюджетимден тилсиз жоодон жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү максат кылдым. Буга чейин да далай ирээт тапканыман үлүш бөлүп түрдүү кырдаалда түрдүү адамдарга жардам кылып келгем бирок бир колун бергенди бир колун билбесин деген принцип м-н эч качан жарыялаган эмесмин. Көкүрөк көөнүңдү аруулаган кайрымдуулук, жакшылык иштер бакыт жолдорунун бири экенин өз тажыйырбамдан билем. Ооба буга чейин жар салбай жардам көрсөткөндөй эле бул жолу да жар салбасам болмок бирок жакшылык иш жугуштуу болуп, катарыбыз көбөйсө , көптүн колдоосун сезген мекендештерге күч кубат болоор деп үмүт кылдым. Көпчүлүк кадырлаган, билимдүү, дин аалымы ажыкебиз Чубак ажы да жардам көрсөтүүнү ачыктап туруу пайдалуу экенин айткан соң бул жолу атайын чакырык таштоону туура таптым. Чакырык таштайм , мекендештердин кайгысына кайдыгер карабаган замандаштарыма, Кыргызстандын ар бир атуулуна кам көрүүгө даяр ата журттун кеменгер, акылгөй , колунда бар уул- кыздарына, ага эжелерге , дүйнөсү бай, кең пейил катардагы баардык жарандарга, баарыңыздарга чакырык таштайм. Алган колдон берген кол артык - дейт , берүүчү кол бололу замандаш. Тилсиз жоодон жабыркаган мекендештерге кол суналы!
Загрузка...
1443   44
12.05.2020
Орозонун бир күнү Орозо таң заардан тартып күн батканга чейин созулат. Тактап айтканда, ооз бекитүү убактысы багымдат намазына чейин, ооз ачуу убактысы шам намазынан кийин болуп саналат. Орозо айынын узактыгы ай календарына жараша 29 же 30 күн болот. Орозонун ар бир күнүндө эске алынуучу эрежелер төмөнкүлөр: Ден соолук Эгер адам оозу толо куспаса ооз ачылбайт. Андай болбой оозу толо кускан маалда орозо бузулуп, казасын толуктоо керек болот. Мурун кочуш толо канабаса ооз ачылбайт. Денеге сүйкөлө турган дарылар орозого жолтоо эмес. Кан тамырдан жана аты жок манжадан кан берип анализ тапшырууда орозо бузулбайт. Эгер ийне же асма ийне менен дары алуусу керек болсо, эки жагдайда каралат. Эгер дары азыктандыруучу глюкоза түрүндө болсо ооз ачылат. Ал эми антибиотик дары болсо ооз ачылбайт. Тамактануу Ооз ачууда жана ооз бекитүүдө жей тургандарыңыз адал азык экендигине маани бериңиз. Быйылкы орозо айы жайдын ысык маалына туш келгендиктен ооз бекитүүдө суусундукту көп ичиңиз. Таттуу жана туздуу азыктар суусатат. Андыктан күн бою кыйналбоо үчүн бул азыктардан баш тартыңыз. Майды таптакыр жоюуга болбойт, бирок чектөө менен колдонуу туура. Зайтун майы эң пайдалуу болуп эсептелет. Белокко бай азыктар сиздин күн бою ток жүрүшүңүздү шарттайт.