сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
5370   232
16.10.2019
Бир көңүлүм калган адамга экинчи мүмкүнчүлүк берип, кечиргеним мн ишеним артуум кыйын экен. Кечирдим дейсиң, кек сактабайсың, бирок...алар казып кеткен бир чоң боштук жатат. Миң кечирим мн толтурсаң, да орду толгус. Мен аларды чын эле кечирдим болдум бекен? Деги эле кечирим деген эмне? Бирөөнү кечиргениңди кантип билесиң? Таарынган адамыңа кайдыгер карап, ал тууралуу ойлонгондо эч кандай сезим болбосо, кечиргендик болуп саналабы? Алыскы адамга таарынбайт экенсиң. Сага ылай чачып атса дагы беймаралдык бар. Байкаганым, көңүлгө кирген гана адам көңүлүңдү оорутуп, ичиңдеги ар кыл сезимди козгоп чыгат тура. Бир көңүл калган соң, жаныңдан артык көргөн адамың чочун адамга айланып калганы кызык. Кечээки күнүң, ал мн болгон мамилең артта калып, жашооңдо деле болбогон сыңары, бейкапар жашооң уланат. Жан дүйнөң миң түркүн адам мн толукталып, артка кылчайганга убакыт табылбай, жүткүнүп, алдыга гана чуркайсың. Көп жакындарыңдын барган сайын изи муздап, заты түгүл аты өчө баштайт. Бекеринен көзүңдөн ыраак калган адам көңүлдөн да ыраак турат дебестир... #жөнэлеойлор
7747  
25.10.2019
Сен мени издеп тапканда колумду кое бербе, макулбу? Ысып кетсем,  көлөкөңдү бер. Үшүп кетсем, кучагыңда жылыт. Тентектик жайым бар. Асылып айлаңды кетирсем, кашыңды серпип, какпа. Ашыкча эркелеп жиберсем, "Эркетайым" деп саамайыман сыла. Сыртыңды салба, сырыңды төк. Түйдөктөй түпөйүл турса көңүлүңдө жайдары жайгарып алам. Ишен мага. Түндөсү далыңды салба. Үшүйм. Корком. Бооруңа башымды жөлөп уктайын. Саамайыман сылап, жытыма кумарланып жат. Эгизиңдей көр. Ээрчитип ал. Көлөкөңө көлөкөмдү катып басайын. Түнөш үчүн эмес түбөлүккө түтүш үчүн бол. Жашоонун оорун жалгыздайм дебе. Жаныңда жардамын берген мен болом. Мен сага күлгөндү, түпөйүлдү жазганды, жашоону сүйгөндү, жалгыздап эмес жандап басканды үйрөтөм. Жашообуздун соңунда 90 го чыгып, томолонуп калганда  ыраазы болуп бири бирибизге, сүйүү оролгон өмүрүбүзгө алкыш айтып, ээрчишип, эрмектешип, Жараткандын жанына кетебиз. Жалгыз кетем дебе. Жалгыз кетирбе. Көрдүңбү, кызыктуу жашообуз бар. Сен мени күттүрбөй кел, макулбу? _____________________________________________________ Сүрөт @nurtazimphoto тарабынан тартылды. Ыраазычылык билдирем.