1629
09.11.2019
КӨПӨЛӨК ТИРҮҮБҮ?
Шакирт колуна көпөлөк кармап, алаканына абайлап артына бекитип барат. Устатына жымыңдап барып: "устат, айтыңызчы, менин колумдагы көпөлөк тирүүбү же өлүүбү?" - деп суроо узатат да, өзү ойлонуп "азыр тирүү десе колум мынын мычкып салып өлтүрүп көрсөтөм, өлүү десе тирүү бойдон көрсөтөм" - деп даярданып турат.
Шакиртинин жылмайып турганын карап устаты ушинтип жооп кайтарат: "БАЛАМ, КОЛУҢДАГЫ КӨПӨЛӨКТҮН ТИРҮҮ ЖЕ ӨЛҮҮ ЭКЕНДИГИ САГА БАЙЛАНЫШТУУ"
Урматтуу өкүл балдарым, жашооңордун таттуу же ачуу болуусу эң биринчи орунда ӨЗҮҢӨРГӨ БАЙЛАНЫШТУУ. Шылтоону сырттан издебегиле.
ҮЙ-БҮЛӨ БИРИМДИК МЕНЕН БАШТАЛАТ, ЫНТЫМАК МЕНЕН САКТАЛАТ!!! 09.11.2019 ИДРИС АКЫН