сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
845   20
23.03.2020
БАБАЛАР жана БАЛДАРЫ БАБАЛАРДЫН АЙТКАНЫ: Бөтөлкө менен достошконуң, өмүрүң менен коштошконуң... Бузук адамга түзүк адам кас көрүнөт... Аракка чөгүп өлгөндөрдүн саны, деңизге чөгүп өлгөндөрдүн санынан алда канча арбын... Аракеч үй-бүлөнүн көз жашын жейт, анан өз башын жейт... Арак ичип чардагандын ата-энеси зар какшайт... Арак ичип чайпалгандын, балдарынын келечеги чайпалат... Аракка кандым дегиче, азапка калдым дегин... Арактан ичип кутулбайт, качып кутулат... Арактын арты жаман, айыкпас дарты жаман... БАЛДАРЫНЫН КЫЛГАНЫ идеологиянын жоктугу, же ишкерлердин шоктугу! Арак чыгарган иш каналар мекенге миллиондогон киреше алып келгени менен, миллиарддаган чыгашаларды да жасап жатат: ажырашуу, авария, кырсык, өрт, мушташуу, адам өлтүрүү, жетимдер, жесирлер, майыптар, таштандылар, оборт, зына, талак.... санай берсең кете берет. Бабаларыбыздын аттарын жана уюткулуу-уңгулуу улуу сөздөрдү - атың өчкүр аракка коюп алганы да арманыңды арттырат... Карантинде кадырыңды кетирип ичпегилечи, кагылайындар. Төбөлдөрү баш болуп арамга үгүттөгөн өлкөгө айланып баратабыз😔😔😔 23.03.20 Идрис акын
6736   262
24.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Тааныбаган адамдарга капа болуп калдым бүгүн 😏 "Үйдө отургула" деген сөз айтыла берип жөнөкөй эле сөз айкашы болуп баратат окшойт, кээ бирлерге...😒 Бир тууган эжем лечение алып ооруканада. Ага керектүү каражаттарды алып баруу үчүн жөнөдүм. (Такси менен.) Жолдо баратып шаардын көчөлөрүн карадым. "Эмне болуп жатат? Элдер жокпу? Эмнелер иштеп же иштебей жатат?" депчи... Адамдар негизи демейдегиден азайыптыр. Аялдамаларда турушат, жарымында беткап (маска) бар, жарымында жок. Аларга "мейли, өтө зарыл жумуштар менен жүрүшсө керек" деп өтүп кеттим. Капа болгонум, ачуум келгени Парктардын скамейкаларында маска тагып алыыыып отурушат 😠 бей-капар! Паркта бүтүрө турган кандай зарыл жумуш болушу мүмкүн?! Дал ошол отургучтардан, четтеринен, эл көп жерден вирус бат жана кенен таркайт, ошондуктан үйдө отургула деп какшап жатышпайбы 😖 Көңүл кош мамиле кылбайлычы! "Автоматтарды алып, өз жаныңарды тобокелге салып согушкула. Ошентип душманды жеңгиле!" деп жатышкан жок го! Болгону чыдап үйдө отуруп туруу гана талап кылынып жатат. Вирустун жайылып кетпешин гана камсыз кылып турсак, ошончолук тез жеңип чыгат экенбиз, буюрса ✊✊✊ Ал эми чыдап үйдөн чыкпай отургандар, жарандык милдетти аткаруу менен биргеликте, мамлекетке жана дарыгерлерге жардам берип жатабыз деп өзүңүздөрдү өзүңүздөр алкап, мактап коюп отуруп туруңуздар ✊ Өлкөбүздө эртерээк вируссуз жашоо келсин 🙏🙏🙏