сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
7068   146
03.03.2020
Эң эле таза дүйнө жаныбардардыкы. Алар бирин бири коргойт, аяйт, кол салбайт, жек көрбөйт, бут тоспойт. Биздей уу тилин салып, найза кылып, жүрөк тушка урбайт. Алар жөн гана бар. Жаратылыш вибрация аркылуу бири мн сүйлөйт. Жаныбарлар сезим аркылуу сүйлөшөт. Тили жок бири бирин түшүнбөс керек дейбиз. Жок, дебейбиз дагы. Анткени алардын дүйнөсү мн эсептешүү жок. Үчүнчү көзүбүздү жаман ойлор мн, көкүрөк көзүн жаман сезимдер мн көмүп койгомбуз. Жинди иштерди кылганыбыз, туура эмес жолду тепсегенибиз, тетири басканыбыздын себеби ошолдур. Сыйынганда, Жаратканга жалынганда кечирим сурайбыз. Кечиребиз. Оюбузду тазартабыз. Ошон үчүн Жаратканга жакындаганда жүрөгүбүз тынчыйт. Көп нерсени көрүп, уга баштайбыз. Пенделиктен чыгабыз. А жаныбардар дагы, жаратылыш дагы дайым таза. Алар биз жоготконду жогото элек. Аларга жакын болуу, жуурулушуу - тазалык, аруулук мн жуурулушуу. Ошон үчүн элет жергесинин адамдарын булгана элек дешсе керек. Жаныбарлар мн көкүрөк аркылуу суйлөшкөндү, туйганды билет. Эртеңки күнү сени " колхоз" десе бирөө, сонун комплимент катары кабыл ал. "Таза бойдонсун" дегендик. #жөнэлеойлор #аруулануу
Загрузка...
1146   10
20.03.2020
МАМЛЕКЕТ... МАМЛЕКЕТКЕ ЖАРДАМ БЕРЕМ ДЕСЕҢИЗ... - Мамлекет жардылыктан эмес, АДЕПСИЗДИКТЕН жоголот! -Мамлекет дегениң тек гана адам сымал болсо атаганат... Мисалы, бир адам манжасынан жаракат алса, ал адамдын жан дүйнөсү жана тулку бою ал адамды башкарган башы менен чогуу жаранын азабын тартып, жалгыздын дарты, жалпынын дарты болбойт беле. (Платон) -ушул тапта МАМЛЕКЕТ МАГА ЭМНЕ КЫЛДЫ - ЭМЕС, МЕН МАМЛЕКЕТКЕ ЭМНЕ КЫЛДЫМ ЖАНА ЭМНЕ КЫЛА АЛАМЫН-деген суроо актуалдуу. МАМЛЕКЕТ ҮЧҮН ЭҢ ЧОҢ ЖАРДАМ, -СЫРТКА БАСПОО, -МАСКА ТАГЫНУУ, -КОЛ АЛЫП КӨРҮШПӨӨ, -ӨЗДҮК ГИГИЕНАНЫ КАРОО, -БАЛДАРДЫ СЫРТКА ЧЫГАРБОО, -СОЦТАРМАКТАН ЖАЛГАН МААЛЫМАТ ТАРАТПОО, -ЫНТЫМАККА КӨҢҮЛ БУРУУ, -БИЙЛИККЕ КАРШЫ ЧЫКПОО, -ДИН АРАЛЫК КАСТЫКТЫ ЖАРАТПОО, -ӨКМӨТТҮН ИШИНЕ ТОСКООЛДУК ЖАРАТПОО, -ЭҢ НЕГИЗГИСИ ИБАДАТТЫ БЕКЕМДЕП, БАТАА-ДУАНЫ КҮЧӨТҮҮ... ЖОГОРУДАГЫЛАРДЫ АТКАРУУ ҮЧҮН ЭЧ КАНДАЙ КАРАЖАТ ТАЛАП КЫЛЫНБАЙТ!!! (КОРОНОВИРУСТАН КОРККОНЧОЛУК КУДАЙДАН ДА КОРККОНУБУЗДА АТТИҢ... АЙЫЛДА АЛЛА ДЕП АРАҢ ТУРСАК, АЛЛА МЕНЕН ИШИ ЖОК АРАК ИЧИП КӨЧӨДӨ ТОПОЛОҢ КЫЛЫП ЖҮРГӨНДӨРГӨ ТАҢ КАЛАСЫН) 20.03.20 ИДРИС АКЫН
365   8
17.04.2020
Бир жолу жол чырагы жок чон жолдон отуп бара жатсам алдыман бойтондогон кичинекей бобок чуркап чыкты. Журогум шуу деп, алдынан тосойун десем артка качты эле машине сузуп кетейин деп аран токтоп калды. Артынан бир топ машинелер топтоло тушту. Кээ бир айдоочулар унаасынан тушуп баланы кармашты. Кичинекей да кадимкидей эле качат. «Сиздин баланызбы?» деп мени жек коро карашты. Мен апасын таппай кайсаландайм. Корсо апасы жолдун боюндагы дуконго кирип кетип баласын унутуп калганбы айтор бейкапар журуптур. Биз ызы-чуу болгуча ал келди да баягы баланы опкодон ары бир урду. «Жолдо эмне кылып журосун!» деп кыйкырып эле тим болбостон ургулап да жатат. Бала байкуш эмне кылсын... ыйлады... Баланы куноолоштон мурун апа катары баласын байкап турбай жол бойлотуп жибергенин, жоопкерчиликсиз мамилесинен улам аз жерден чон кырсыктан аман калганын, куноо озундо экенини сезгиси да келген жок. Эмне жакшы, эмне жаман, кайсы кооптуу же пайдалуу бул тууралуу ата-эне уйротпонондо кенедей бала кайдан билсин🤷‍♀️ Ата-энелер балага акыл уйротуп жатканда алардын денгээлинде суйлошолучу! Талап кылганда алына, жондомуно жараша жыйынтык чыгаралычы! Жинибизди баладан эмес талаадан чыгаралычы! Эмоцияны козомолдогонго аракет кылалычы! Жок дегенде козубузду жумуп, ичибизден 10го чейин санайлычы🙏 Бала ургандан пайда жок,зыянынан башка😔