сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
3787  
18.11.2019
Элдин сага болгон мамилеси өзүңө берген баадан көз каранды экендигине дагы бир ирет ынандым. Көп эле жолу көрсөткөн аны турмуш. Отко айдаса, бокко качкан кээкерлигибиз, кежирдигибиз бар эмеспи. Айла жок ар тарабыңан чыгып, акылыңа киргизмейин айландырып кайра эле алдыңа салып берет аалам. Аңырайыыып анан түштөн кийин "Аа. Эчак эле айтпайт белең?!" дейбиз го. Өзүңдү канчалык бийик бааласаң, сыйласаң, өзгөлөр кадимкидей акыл алдында сезип, туюп турат. Ошондой сый мамиле кылат экен. Өзүңдү төмөн жерге теңесең, тебелейт. Муну баарыбыз эле билебиз. Бирок аңдабайбыз. Биз аңдабаган бирок аалам акылыңа киргизе албай убара болгон канча сыр жатат?! Өзүбүздүн күчүбүзгө ишенбейбиз! Өзгөлөр дайым бийик биз үчүн. Башкаларга суктанабыз. Алар эле укмуш болуп аткандай сезим. Ылдый жакта туруп алып кежегең ооруп калгыча өйдө жакты теше тиктеп, башкалардын жашоосуна кызыгып жүрүп, кызыктуу жашооң өтүп баратат... #жөнэлеойлор