сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
6004   256
29.06.2020
Карачы кандай бактылуусун бул жерде. Мындай ширин татынакай наристелерди көөп көп төрөйсүн даагы буйруса. А сен дале болсо кудум ушундай ымыркай наристесин өз ата энеңе алар азыр аябай ыйлап кайгырып жатышат сени күтүп. Аллахым сага узуун өмүр берсин дартыңа дабаа, ооруңа шыфаа берсин көзүңдү ачып ойгонуп тез арада айыгып көрбөгөндөй болуп кет ылайым. Силер Нурлан экөөңөр ээрчишип көөп балалуу болуп бактылуу өмүр кечиргиле а биз силердин кооз бактылуу жашооңорду көрүп сүйүнүп жүрөберели. Сени баарыбыз күтүп жатабыз чыдамсыздык менен бассак турсак дуа кылып Аллахтан өмүрүңдү тилеп жатабыз. Оо Аллахым Асель эртерээк өзүнө келип ден соолугу мыкты бекем болуп алты саны аман эсен болуп айыгып кетсин баары өзүңдүн колуңда оо жараткан Аллах аминь аминь аминь 🤲🏻🤲🏻🤲🏻 @aselkadyrbekova @nurlannasip_kg ❤️
Загрузка...
3737  
17.09.2019
ШЕЙИТТИН КАНЫ (Чекарада курман болгон баатыр мекендешим Равшан Муминовго...) _ Бейпилдиги үчүн элдин, мекендин, Ортосунда көйгөйү көп эки элдин. Ак кызматтуу, аска-зоодой баатырга, Ушул экен акыретке кетер күн.... _ Жүрөк сыздайт... Жеңилдетип кейишти, Көк жал эрге буюр, Алла, бейишти. Мээлеп туруп аткан жанды акыры, Куткарбайт го каны кайран шейиттин.. _ Өтөт баары: атылган да, аткан да, Түшпөс жан жок ажал койгон капканга. Кан төккөндөр кантер экен суракта, Күнү бүтүп, өлүм даамын татканда. _ Желбирешкен эки өлкөнүн желеги, Чекарада көйгөй толо береги. Мекенимдин ыйык чымчым ылайы, Башка жердин кымындай жок кереги. _ О, Жараткан, тынчтык, сабыр, акыл бер, Ортобузда болгой сүйүү, асыл мээр. Кан төккөнгө тообо кылып токтойлу, Коюнуна ала электе такыр жер.... _ Карган апа, күткөн жубай, үч бала... Кайран баатыр эми аларга түш гана. Алар үчүн дуба кылам жалбарып, Өмүр, ыйман, оомат тилеп шүк гана.... _ Көөдөндөрдө ыйман, намыс, ар болсун, Кыргызымдын кыйырлары шаар болсун. Жанын тиштеп четте турган чеп сымал, Чек аранын баатыр эли бар болсун! Нуржигит Кадырбеков 17-сентябрь, 2019-жыл #чекара #равшанмуминов