сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
429  
27.01.2020
Катталуучуларымдын саны 50К жетти💥 Дайыма ой болушуп, каалоо-тилек айтып, лайктар менен конул которгон ар бириниздерге ыраазычылык🙏🙏🙏 Жаныдан кошулгандар болсо озум тууралуу бир нече факт жазайын. Алардын учоо туура эмес☝️ Кайсынысы деп ойлойсуз? Ким биринчи туура тапса 2️⃣0️⃣0️⃣ бирдик! 🔴 Уйдун эн кенжесимин 🔴 Кичинекей кезимде жайлоодо карагат терип журуп жоголуп кеткем 🔴 Мектепти кызыл аттестат, университетти кызыл диплом менен бутургом 🔴 1- курстан тартып радиодо иштей баштагам 🔴 Учурунда физика сабагынан олимпиадаларга катышып, байгелуу орундарга жетишкем 🔴 Таэквондо менен бир нече жыл машыккам 🔴 Сут таптакыр ичпейм 🔴 Китеп окуган жагат 🔴 Ушул убакытка чейин 30дан ашык окуучуларым медиа тармагында эмгектенип журушот 🔴 Бир нече жолу парашюттан секиргем 🔴 Элдердин ката жазгандарын текшере берем 🔴 Дайыма кыймылда болуп, эл менен иштеген жагат Жыйынтыкты эртен чыгарабыз😉
Загрузка...
10864  
03.02.2020 Biskek , Kyrgystan
“Жакшылык кыл.” Бүгүнкү сабагыбыз дал ушул темага арналды. Толугу менен менин түз эфиримден көрсөнүздөр болот. Элге жакшылык кылган киши башкага гана эмес, өзүнө дагы пайда алып келет. Жакшы иштерди кылуу эки дүйнөдө тең жакшылыкка жеткирет. «Албетте, Алла Taaлa жакшылык кылгандар менен бирге» Бул дүйнөдө жакшы иштер кишиге кубаныч, рахат тартуулайт. Адамдын жан-дүйнөсүнө тынчтык алып келип, кайгы-капаларын унуттурат жана анын жашоосун жарык, бактылуу кылат. Башкаларга жакшылык кылуу менен киши өзү толук оңоло баштайт. Aнткени башкалардын батылуу болуусуна жардам берүү менен өзү да бактылуу болот. Эгер сен кайгырып жаткан болсоң, анда башкаларды кайгы-кападан арылтууга аракет кылып көр, муктаждарга жардам бер. Оорулуу жанды көргөнгө бар, садака бер, ачты тойгуз, балээ-кырсыкка дуушар болгон адамдарга жардам бер. Башкалар үчүн колунан келишинче жакшылык кыл. Ошондо бактылуулук менен кубаныч сенин жүрөгүңө кантип толуп жатканын сезесиң. Меймандос бол, башкаларга жылмаюу тартуула, жакшы сөздөрдү айт, колдо, соорот, үмүт бер, элдин жашоосун жеңилдет, ар дайым жардам берүүгө умтул... Ким чын жүрөктөн Жараткан Алланын ыраазычылыгы үчүн жана Анын сыйлыгына умтулуп жакшылык кылган болсо, ал сөзсүз өзүнүн мээнетинин түшүмүн көрөт: “Жакшылык кылгыла, анткени Алла жакшылык кылгандарды сүйөт”  Жаратканым биздин иштерибизди бүт көрүп турат жана Ал биз кылган нерселер үчүн, алар анча маанилүү болбосо дагы, сыйлыктарды берет: “Силер кандай жакшылык кылсаңар дагы кудай аны билет” @jazgul_jamangulova мыкты сабак учун рахмат @taalim__ баракчасына жазылыныздар. #бактылууболупжашайлы #таалим