сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
5712  
28.10.2019
Ушунчалык шашмамын. "Сабыры жок. Түгөнүп калган" деген справка жазып берсеңиз жаңылбайсыз! Жыйынтыкты чагылгандан бат чыгарам. Туура жыйынтык болсо бир жөн. Ии кыйраттым дейсиң да! Кыйратпай калып, бармак тиштегениң болот. Былжырап, чоюлуп, эзилген кишини көрсөм, нерфффим түрдүү музыкада кол ойното баштайт. Тарса - турсмун. Бирок ошонум да тоскоолдук жаратат. Күткөндү, сабыр кылганды үйрөнсөм...Жараткан ар бир сабагында "Төбөң мн жер казсаң да, убактысы келмейин майнабы жок! " деп үйрөтөт. Ичимдеги бир үн жакшы чыйпылыктап "Күт. Кое тур. Ашыкпа. " дейт. Аны уккан бир киши барбы? Уффф, Назира, сабырдын түбү сары алтын экенин бир билсең! Ичимде бир нерсе эле кайнап, шашкалактап турам. Ошону басаңдатсам, жети жолу өлчөп кескенди, убактысын күткөндү үйрөнөм дейм. Дейм эле...убактысы келгиче куурулуп кетет заманам... Ичиңдеги өзүңдү өзүң соттоочуң чокудан ары бир койгондо гана ойгонуп алып ойлоносуң го! Дал ошол мезгил азыр. Бирок бир нерсени үйрөнүш үчүн жаңылыш керек деп жоошутам өзүмдү. Жаңылмайын сабакты кантип алабыз?
Загрузка...