1628
13.12.2019
Жаңылбасам Дуулатбек деген Ноокендик иним болсо керек, жаңылып калсам оңдоп коюуңуздарды суранам. Москвада такси айдап кызмат кылат экен. Кыргызстанга ысык салам жолдоп жатат!
******
Москвада такси айдаган ини, агаларыбыздын жашоосунан бир үзүм. Таңдан 4-тө жумушун башташат, саат 8-9-га чейин иштешет. Андан кийин тыгын башталат. Арзан кыргыз же чыгыш кафелерине барып тамактанып бир аз эс алышат. Саат 11-12-лерде жумушун улантышат саат 17-ден 21-ге чейин тыныгышат, себеп тыгын башталат. Кайра түнкү 00-01-ге чейин иштешип үйгө кайтып 3-4 саат укташат, таңдан кайра ушул эле көрүнүш башталат. Бир батирде 10-15 адам жашашат. Акча табуу оңой эмес. Жанагы мигранттардан Кыргызстанга келип жаткан миллиарддаган акча ушинтип табылат. Рахмат, силерге мекендештер!