сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
995   252
10.05.2020 Подвиг Ваш Бессмертен
Бүркүттүн баласы-бааланбаган эрдик! ****** Ушул жаңылыкты окуп ойлоп койдум, мэриянын пресс-кызматы анча деле жакшы жазбаптыр деп. Кичине реалдуу кылып жазса болмок экен. Эми алардын ордуна мен жазып берейин. ****** Сокулуктан мэриянын пресс-катчылыгына телефон чалыныптыр бүркүттүн балапаны короого учуп кирди тез арада жардам бериш керек деп. ******* 1 Эрдик! Пресс-кызматтын кызматкерлерлери бул оор жаңылыкты угаар замат бир сыйра шок болушуп, эми эмне кылабыз, кой кокуй эптеп мэрге айталы деп, бөлмөнүн эшигин араң ачышып, мэриянын узун корридорунан буттары чалынганына, жолдон ар ким алаксытканына карабай, зордоп тепкичтерди аттап-буттап үчүнчү кабатка тозок менен жетип, мэрдин кабылдамасынын эшигин болгон күч аракет менен ачышып, 2-саат очеред күтүп, кой десе болбой жулунуп кирип барышып кабарды былчыйта угузушуптур! ***** 2 Эрдик. Мэр кабарды укканда терең кайтып келгис кайгыга түшүп кетиптир. Бирок ошол үчүн мэрда эй! Бекеринен отурган жок да ошол жерде. Эл кайтып келгис кайгыдан тырышып, тозоктун тогуз сыноосунан өтүп атып, тишин, тырмактарын аябай тырмышып жатып кайтып келип сразым соткени алыптыр. Соткенин чоктой болгон кнопкелерин эптеп басып ЖКХ командасына канчалык кыйын болгонуна карабай буйрукту берип салыптыр мэ сага деп туруп! ***** 3 Эрдик. ЖКХ, зеленхоз жана башка кызматтардын карапайым кара тамандары жүгүрүп бүркүттүн баласын куткарабыз деп жүргөндө ортодон дагы бир чоң эрдик болуп кетиптир. Бишкек зеленхоздун деректири Элнура Жолдошева менен Биоразнообразияны сактоо департаментинин деректири Алмаз Мусаев экөөлөп, кой-айга карабай, чор таман кызматкерлер өзүлөрү эле эптеп куткарат балапанды десе да угушпай, как так дешип, возмущенияга батып, сары санаага чыланып, нерфтин нерфи болушуп, сыртка таза абага чыккылары келип атса дагы былк этпей жаман териден жасалган креслого отуруп алышып, колдон чоктой болуп ысып аткан соткени түшүрбөй баарын көзөмөлдөп, балапанды кантип туура куткарыш керектиги жөнүндө бриллиант кеңештерин айтып турушуптур. ***** Берки кара чор тамандар айтышыптыр, булардын эрдиги болбосо балапан эчак эле палчайып өлүп калмак ыйолкиники десе дешип. Баалаш керек бул үч эрдиктин каармандарын сөзсүз!
Загрузка...
445   12
13.06.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Жараткан бейиштин торун бизге ыраа коруп берген экен. Тилекке каршы биз аны барктай албай, онуктуро албай жатабыз. Айткандын оозу жаман, ыйлагандын козу жаман. Кыскасы айтсан арман коп, уксан жалган убадалар коп ... Ушундай кооз Кыргызстаныбызды онуктуруп, ушундай бейиште бактылуу жашоого умтулуп жашасак болот. Тилекке каршы , жаратылышты дагы талкалап , наристелерибизди зордуктап, аялдарды кордоп, коррупцияга малынып, коздорубуз кор ( слепой) , кулактарыбыз дулой , озубуз манкурт эле болуп баратабыз. Ушундай кок асманды тиктеп , таза абасын жутуп , булактын суусун ичип жатып алыста мигрант болуп жургон туугандарымды, досторумду, жердештеримди эстегенде ичим ачышып кетет. Алар дагы дем алыш кундору биздей болуп эс алгысы келет эле го... Бул абалга жетип калуубузга куноолуулор коп, бирок аны ондоп тузоого аракет кылгандар жок окшойт. Орусча айтканда бизге окшогон "простой смертныйлар " суйлоп- суйлоп кала беребиз, колубуздан эч нерсе келбейт. Ачыгын айтканда ашыкча суйлогондон коркосун.Нары карап кулуп, бери карап ыйлап жалган умут менен кунумдук тиричилик менен алаксып жашайбыз. Биз го омурубуздун бир болугун эптеп жашап койдук, балдарыбыздын келечеги кандай болот? Балдарыбыз кандай мамлекетте жашайт? Жерибизди талкалап, балдарыбызды майып кылып зордуктап атсак, аялдарды сабап нервден жинди кылып отурсак бизде кайдагы келечек 🤦 Кудайдан тиленээрим , оозу кыйшык болсо да байдын уулдарын эмес, элге кызмат кылчу элдин уулдарын бийликке буйрусунчу 🙏 ____ Ошентесе да жакшылыктардан, жаркын келечегибизден умут узбойм🙏 #13июнь2020