сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
4415   318
01.06.2020
Премьер-министр Абылгазиев Кыргызстандагы жыштыкты аукционсуз, бекер алган Казакстандык компаниянын өкүлдөрүн кабыл алган Чек арада чатак чыгып, жүк ташуучу машинелер Казакстанга өтө албай чакырымдап тизилип турат, бюджет тартыштыгы абдан чоң. Премьер-министр болсо "тергөөгө кийлигишпейин" деп убактылуу эс алууга кетти. Тарых музейи, ТЭЦ сыяктуу коррупциялык иштер жылдап тергелип жатат, эмне бул иш бир жумада эле тергелип бүтөбү? Же бир жыл бою тергөө созулса, кыргыз эли бир жыл өкмөт башчынын ишке чыгышын күтөбү? Арыдан бери болуп, чечкиндүү кадамдар керек азыр. "Свои" деп коргогон менен, болбой калды бул жагы. Менде күч органдарына дагы бир конкреттүү суроо. Жакында Казакстандагы "Верный капитал" инвестициялык компаниясынын жетекчиси, Билайндын кожоюндарынын бири Ерлан Оспанов жана Билайндын Кыргызстандагы жетекчиси Евгений Кражан премьер-министр Абылгазиев менен жолугушкан. Билайндын чоңдору менен өкмөт башчы жыштыкты сүйлөшпөсө, кайсы темада сүйлөшүү болду? Эмне үчүн жолугушуу коомчулукка чагылдырылган жок, өкмөт башчынын кимдерди иш убактысында кабыл алганы ачык болушу керек да. Ошол жолугушуунун протоколун, хронологиясын элге жарыялап койсоңуздар, эмне тууралуу сөз болду, албетте, Билайндын өкүлдөрү менен төө бурчак же футбол жөнүндө сөз болмок беле, эмне үчүн так ушул жыштыкты аукционсуз, бекер алган компаниянын өкүлдөрүн премьер-министр мырза кабыл алган?
8230   183
28.06.2020
- Уулум, көзүңдү жумуп, Жараткан мн жүрөгүң аркылуу маектешсең болот. Каалаганыңды сура. Ал аткарат баарын. ⠀ - Апа, кажети канча? Менде баары бар. Ушуга шүгүр кылайын. ⠀ Унчукпай калдым. Ичимен ошого акылы жетип атканына айран таң калып, бир эсе баламдын топук дүйнөсүнө кубандым. ⠀ Демек, баары жетиштүү деп атса, камсыздап аткан экенмин деп өзүмө маашырлана кубанып, көкүрөгүм ток пейил тартып калды. ⠀ Балача жокпузбу дедим ичимден. Сурай беребиз - сурай беребиз. Колубуздагыга шүгүр келтирип, ыраазы болуп, "Мага жетет ушул!" дегени аз. Кайсы учурда алкымыбыз араандай ачылып, майданын ырахатына тойбой калганбыз? ⠀ "Куралат баары майдадан. Байкабайт аны майда адам..." Керемет саптар. Бир момпосуйга ыраазы болгон балаңдай, бир жакшылыкка ырахмат айтууну билгенибизде алда канча бактылуу болот белек? ⠀ Көп нерсенин тегерегинде ой - жүгүрттүм. Көп нерсеге шүгүр кылдым. Жан дүйнөмдү тынчытып, алда качан эле бышылдап койнумда уктап аткан уулумдун артынан таттуу уйкуга жөнөдүм.. #жөнэлеойлор Сүрөт архив. 2008 - жыл. Курсагымда түйүлдүгүм бар.
Загрузка...