сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
5001  
03.12.2019
- Апа, кайсы каталарыбызды түздөөгө келдик экен ээ бул дүйнөгө? Мурунку жашоомдо кандай иштерди кылып, ким болдум, кандай каталарды кетирдим бир билсем? Бул жашоодо оңой эле оңдоп коймокмун анда. - Уулум, баары белгилүү болсо, кызыгы жок болмок да жашоонун. Өмүр бою ар бир каталарыбызды түздөп, өзүбүздүн үстүбүздөн иштеп, жакшылык жасап жүрүп өтөбүз. Аркы дүйнөгө барганда баары билинеттир, балам. - Кудайды кандай элестетем, билесиңби? Асмандан бир ак кийимчен, ак сакалчан жакшы киши карап тургандай элестетем. Ар бирибизди көрүп турат да ээ? - Мен дагы кичинекейимде ошентип элестетчүмүн. Жашынып калсам, көрбөй калат да деп. Андай эмес окшойт. Азыр ал жүрөгүмдө тургандай элестетем. Жан дүйнөмдү, жүрөгүмдү таза кармаганга аракет кылам ошон үчүн. Ар бир оюмду жатка билет, көрөт. - Кудай сени ырас эле менин апам кылыптыр ээ? - Ырас эле сени уулум кылыптыр. Бейиштин жытын жыттап, түз жолуңан кайтпа, түздөнүп жүр десе керек да. Сен бейиш жыттанасың билесиңби? - Билем. Жаңы эле ошол жактан келбедимби. - Пендеге айлана элек периштесиң, балам.. (Уулум экөөбүздүн маегибизди кыргызчаладым.)
372  
03.12.2019
Чыныгы мырзанын милдеттери: 🖋Жанындагы тандап алган айымдын бардык жоопкерчилигин алыш керек; 🖋Уй-було болгондон кийин, каржы жагын, уйдогу ар кандай эмоцияга алдыра турган чыр-чатактарды бут бойдон козомолдоп туруш керек; 🖋Келинчегин суйууго ороп алуу керек, болгон сезимин жылуу кучагындагы мээрими менен билдириши керек; 🖋Учурунда айымдардын озгоруп туруучу маанайын, жан дуйносундогу бурганакты тушунуу керек; 🖋Айымды сындап, критикалай бербестен, мактап, колдоп туруу керек; 🖋Чыныгы эркек жашоодогу глобалдуу максатын билип жана ошону коздогон сон, жетууго аракет кылыш керек; 🖋Уй-булосун сыйлаш керек; 🖋Уй-булосун коргош керек; 🖋Уй-булосуно камкор болушу керек; 🖋Аялдын эркек болуп калуусунун алдын алыш керек; 🖋Жубайынын жолдошуна болгон суйуусу жек корууго айланып кетпешинин да алдын алыш керек. Туурабы, айымдар? Калып калганы болсо толуктайбыз. #умутайабдышова