сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
6136   180
08.03.2020
Сүйүү жөнүндө, эне, жөнүндө, жубай жөнүндө ырлар толтура экен. А бирок, аялзаты тууралуу ырлар жокко эсе тура. Ошону ойлоп, үч күн мурда ушул саптарды шилтедим. Чындап эле аялзаты бар үчүн – өмүр көчү уланып келет. Ойлосоңуз, эгер жер шарындагы жети миллиард элдин баары эркек болсо, жүз жылдан кийин ким кылат? Сыйлайлы, кадырлайлы, сүйөлү, аяйлы. Бирок, жаздын бир жаркын күнүндө эле эмес, жылына 365 күн!!! Майрамыңыздар менен, асылзат аялзаты. #АЯЛЗАТЫ Аялзаты – кут, береке булагы, Аялзаты – маанай таңы, чырагы. Адамзатты жеңиштерге сүрөгөн, Ар намыстын, ийгиликтин урааны. Аялзаты – жашообуздун ырысы, Жан бүткөндүн мээримдүүсү, сулуусу. Күн суукта мештей жылуу, ысыкта, Ак жамгырды алып келген булуту. Аялзаты – ыйык эне, асыл жар, Ал бар үчүн адамзат бар, өмүр бар. Гүлсүз шалбаа, мөңгүсүз тоо сыяктуу, Аялзатсыз жашоо супсак, дүйнө тар. Аялзаты – көңүлдөрдүн шаттыгы, Аялзаты – мырзалардын марттыгы. Аялзатка бакыт сунган азамат, Өзү болор эки дүйнө бактылуу. Аялзаты – бөбөктөрдүн бактысы, Аялзаты – эргүүлөрдүн ачкычы. Аялзатын туудай тутуп кадырлайт, Ааламдагы мырзанын эң жакшысы. 08.03.2020
Загрузка...
5106   246
04.04.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Бүгүн үй карантининде жатканыма 13 күн болду. Саат 12:00 чамасында үйгө эки врач эжекелер келип акыркы(повторный и надеюсь последний) анализ алышты. Анан бир суроо бергим келип сурадым."Башка өлкөлөрдөн келген жарандарыбызды эле текшерип жатасыздарбы?"-десем."Жок азыр эшике чыкпа десе темселеп эле эшике чыгышып, биздин шаштыбызды кетирип жатышат"-дейт. Анализдерди алып эми кетейин деп жатып,эжелердин бирөөсү ажаатаканага баргысы келгенин айтты,мен кирип алыңыз десем."Жок опасно!"- дейт,мен сразу эле "Мен оорубай элемин,мына 13 күн болду"- десем. "Жок бизден сага жугуп калышы мүмкүн,бул костюмдар менен канча үйгө кирип анализ алып жатабыз"-дейт. Мына ушул мезгилде өзүнөн мурда биздин ден-соолугубузду ойлогон, бетинда маска, очки болуп жүзү таанылбаса да ушундай мед кызматкерлерин "Биздин замандын баатырлары" мына ушулар деп койдум. Оорубаңыздар,сиздер бар биздин келечек бар. Муну менен мен эмнени айткым келди туугандар бир ай болсо да үйдөн себепсиз чыкпаганга аракет кылалычы 🙏🙏🙏🥺
11873   161
12.04.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
‎‏Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен! ‎ إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ ‎ ‏(Чындыгында биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтабыз) Тээ союз учурунан тартып бүгүнкү күнгө чейин дин жаатында талыкпай эмгектенип, балдарды окуткан, учурдагы белгилүү аалымдардын көбүнүн устаты, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын ишине жана өлкөбүздөгү диндин өнүгүүсүнө чоӊ салымын кошкон аалым Мухаммад Хабибулла устаздын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу өзүмдүн жана Кыргызстан Ислам университетинин жамаатынын атынан анын үй-бүлөсүнө, жакындарына, шакирттерине жана бир тууган дарген элине тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтам. ‎‏Алла Таала устаздын билип-билбей кетирген күнөөлөрүн кечирип, акыретин абад кылсын. Өмүр бою жасаган жакшы иштеринин сооп-сыйын арттырып, эсеп-кысабын жеӊил кылсын. Кабырын нурдуу, түбөлүктүү жайын бейиш кылсын. ‎‏Артында калгандарга сабыр берип, урук-урпагынан устаздын жолун жолдогон илим-билимдүү, элге-журтка пайдасы тийген инсандарды чыгарсын. ‎ اللَّهُمَّ اغْفِرْ لَهُ وَارْحَمْهُ وَعَافِهِ وَاعْفُ عَنْهُ وَأَكْرِمْ نُزُلَهُ وَوَسِّعْ مُدْخَلَهُ وَاغْسِلْهُ بِالْمَاءِ وَالثَّلْجِ وَالْبَرَدِ وَنَقِّهِ مِنَ الْخَطَايَا كَمَا نَقَّيْتَ الثَّوْبَ الأَبْيَضَ ‎‏ Абдишүкүр Нарматов. #www_nasaat_kg #wwwnasaatkg #устаз_абдишүкүр_ажы_нарматов #устазабдишукурнарматов #шейх_абдишукур_ажы_нарматов #шейхабдишукуражынарматов атов #атаэне #аяты #хадисы #аллах #пророкмухаммадﷺ #ислам #коран #ислам #кыргызстан #бишкек #чуй #баткен #ысыккол #ош #нарын #талас #жалалабад #kyrgyzstan #жанылыктар #nasaatkg @nasaat.kg
70667   2082
19.05.2020 Bishkek
Салют🇰🇬 Менде сонун жаңылык бар🎉 Кыргызстанда эң активдүү катталуучуларга акчалай белектерди тартуулайбыз💸 Биз эстрада жылдыздары жана блогерлер күнүнө сиздер үчүн 10000 сом ойнотобуз🎁 Ал эми шарттары мындай: ✔️Менин подписки бөлүмүмдөгү досторума каттал. Алардын саны 37 + мен! ✔️Биздин баракчаларда активдүү бол. Акыркы 10 постко кирип лайк басып чык, жаңы сүрөттөрдү дагы унутпа☝️ Баракчаларыбыздагы постторду өткөзүп жибербегиле! Күн сайын рандом менен жеңичүүлөрдү тандайбыз🔥 БАРДЫК ӨЛКӨЛӨРДӨН ЖАНА ШААРЛАРДАН КАТЫШСАҢАР БОЛОТ! ЖАШКА ЧЕК ЖОК☝️ СТОРИСТЕ кошумча БИРДИК жана АКЧА ОЙНОТОБУЗ😍 Эгерде стористе мен телефон кармап түшкөнүмдү көрсөңүз, дароо эле “ШТРАФ” деп жазыңыз! Ким биринчи жазган болсо, баланска 200 сом жүктөйм🤗 Биринчи түз эфир эртен 23:00 башталат! Биздин баракчаларды карап тургула! Ийгилик👋