сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
1271   34
18.06.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
@madina081211 Мени абдан куп жараштыра туураган кичинекей таланттуу кыздын оркуну оссун! Кичинекей болгонуна карабай коомдун корунушун дилгир айигинелеген -бул кызда чон талант бар! Келечегин кен болсун! _______________________________P.s Мен чындыгында 9-орто мектебинде окугам. (1994-2005) Гуманитардык сабактарды абдан жакшы корчумун. География мн биология сабактарын калтырчу эмесмин. ///Эсимде калганы -кыргыз тил жана адабият сабактарын терен тушунууго чон аракет кылчумун, анткени, аябай кызыкчу элем. Ошол убакта Кулова Гулжан Эжейден бардык мектеп коркчу эле. Эмнеге дегенде оз ишин абдан мыкты билген, кесипкой адам болчу тура. Биз -балдар, урушканынан коркуп эле оюнга качып, айтканын укпай уруш жеп эле калчубуз. Бала экенбиз. Ошондон айтылган - «акыл айтсан тындабайт, акмактын корку жемеде» -деген соз бекеринен эмес экен. Азыр мен кыргыз тилин жакшы билем. Бирок, эн мыкты билуу учун дагы,дагы кобуроок тарбия алсам дурус болмок экен -деп бугунку кундо окуном. Болбосо залкар Чынгыз Айтматовго жетпесем да жакыныраак болууга, чыгармаларды жазганга аракет кылмакмын -деп ойлоп калам. ❤️💐🇰🇬
5789   182
27.06.2020
Текебердик адамдын эң жаман сапатынын бири. Ошол чыкты дегиче жан дүйнөңдү, ааламыңды талкалады дегендик. Аны тереңиңе катып, ордуна адамгерчиликти чыгарууга аракет кылып, күрөшүп жашайсың. Биротоло жоготуш кыйын экен. Текеберлигим бүгүн бошонуп кетти. Бирөөнүн көңүлүн оорутуу - өз көңүлүңдү төпөштөө экен. Биз бир ааламбыз. Бир уйдун мүйүзү сынганда миң уйдуку зыркырайт дейт го. Биздин жаратылышта ар ким өз өзүнчө деген нерсе жок экен. Текебердик кылдым, мүнөзүмдү көргөздүм, өктөм сүйлөдүм, бирок көз жашымды тыйдырыш кыйын болуп атат. Адамдарга жакшылык жасоо, адамгерчиликтүү болуу мн мен өзүмдүн жан дүйнөмө гана салым кошоорумду түшүндүм. Тил - душман. Бири бирибизди сындап, жектеп, жек көрүү мн бийиктикке чыкпайбыз. Көкүрөктү гана кирдетебиз. Кечирим сурап келейин. Кыйнап ийди көкүрөк... #жөнэлеойлор
Загрузка...