сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
211  
12.11.2019 Bishkek
Туулмак бар,олмок бар,Жакшылык менен жамандык,туш тушунда кормок бар деген таамай соз Манаста айтылган экен..Демек бир башта бир олум турганын билели... «Тан атканча ыйлап,олгон киши ким эле"-дейт,деген макал бар экен Кытайларда... Адам олгондо да куйгон болуп,билген болуп ,туркун ойлорубузду чубуртуп ,акылман боорукер болуп кетмейибиз бар,ырасында Кыргызда илгертеден айтылган ичеер суусу тугонгон тура,жазмышка баш ийбеске арга жок деген экен акылман элибиз,кайгыны да которо билген дешет...Кайгылуу адамдын жигерин кайрап, умутун жебеп алыстан накыл кептерге таяна олтуруп конул айткан тура.. Ооба оор кайгы жоготуу эн оболу ар биринин элине журтуна жакын агайын туугандарына кан жутуп турганы кандай оор каза болду... Кечээтен берки жаш омурлордун кыйылганын бугун тушко жакын угуп,окуп конул айткандарды окуп калдым.. Жакындан пикирлешим шеринелешим,досум курбум болбосо да,онор айдынындагы улуулардын артынан орго умтулган,залкарлардын изинде кырга чыксам деген зор ынтаасы бар таланттуу замандаштарыбыз эле.. Шамал куусан жетпейсин санаа бир менен омурго,санасан санаан болунот,омур менен олумго"-деген олуя Калыгул дагы.. Демек бир башта бир олум бар экени ырас, Конул айтуга сооротуу,конулун жубату менен жалгашкан эзелтен келе жаткан азалуу адамдын колун кысып,же далысынан сылай маркумга болгон,соок чыгардакы,же болбосо кабырына коюлгандан кийинки жоролго болгон экен..Жалпыныздарга жана маркумдардын жакындарына чын дилимден конул айтамын.. Акжолтойдун чырактай жанып турганда очкону... Комузчунун алды болсом дегенде ак эткенден так эткен кызыбыз Нурзаттын ооруудан амалсыз дуйно салганы оор кайгы болду туугандар...Аккуу кушка ок тийсе,канатын сууга тийгизбес,Ак сооко ок тийсе коншусуна сездирбес, акылман элибиздин торундо жамандыкты кечинен берсин деп тилек кылалы... Белиниздерди бекем бууп кайрат кылыныздар.. Дунуйо жалган..Шум ажалга айла барбы..Омурдон эрте кеткен кесиптештерим топурагы торко болсун,жандарын жаннаттан,бейиштен орун берсин деймин,нурунар бейиште чалкысын асылдар... #артыкайырлууболсун #жамандыкболбосун #эличиндеырысынтымакболсун
11772  
22.11.2019
Менин балам, баламдын балдары кандай өлкөдө жашайт? Ошол мени тынчсыздандырат! Бүгүнкү күндө өлкөнүн абалы, саясый абал мени канааттандырбайт. Эртеңки жарык келечегибизден күмөнүм бар. Ишенип, күтүп, ообузубузду ачып жүрүп, отуз жыл өттү. Эки төңкөрүш, бийликке каршы күрөш оңунан чыккан жок жана майнап берген жок. Жөн эле бөөдө өлүм болду. Мурункунун акчасын кийинки ээлеп, иштемиш болгон сүрдү көргөзүп, жең ичинен ичип - жеп, ирип келе жатышат. Кыргызстандын жараны катары жана уулумдун келечегин ойлогон эне катары коңгуроо кагам. Туура эмес жолдо баратабыз! Туура эмес адамдар бийликте отурат! Кимдин эмнеге шыгы бар, колунан кандай кокон келет көрдүк. Шайлоо жакындап калды. Көзүбүздү чоң ачып, көкүрөгү тазаларга шайлап калсак, кутулганыбыз. Эски адатыбызга сала турган болсок, ушуну менен үмүтүңдү үзүп, өз алдынча ар кимиң оокатыңды кыл дегендик. Ансыз деле оокатыбызды кылып жүрөбүз деңизчи бирок биротоло өлкөм, желегим, мекеним деп өпкө какпай калаарыбыз бышык. Анткени белчебизден сазда болобуз. Уурдап жетишкендер келемиштей чөгүп бараткан кемеден качкан сыңары кача берет. Менин балама, сенин балаңа океандын түбүндө баткан кемедей өлкө калат. Азыркы тапта ар бирибиз биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, Манас атабыздын жети осуятын кыт кылып куюп, үмүттүн шамын жагып алып, керт башыбызды ойлобой келечегибизди ойлоого мезгил келди! Эски көздөр этегиңерди жыйып, жаңы көздөргө орун бергиле!
Загрузка...
777   0
27.11.2019
🌱🌱🌱 Кереметтүү Курандагы сандардын таң калыштуу окшоштугу ~ бул окшоштуктар Курандын Аллах тааланын сөзү экендигин дагы бир ирет далилдейт. 🌱🌱🌱 1) күндөр деген сөз 365 жолу айтылган,бул бир жылдын ичиндеги күндөрдүн саны. 🌱🌱🌱 2) күн деген сөз 30 жолу айтылган,бул бир айдагы 30 күн. 🌱🌱🌱 3) ай деген сөз 12 жолу айтылган, бул бир жылдагы 12 ай. 🌱🌱🌱 4) ыйман деген сөз 25 жолу, куфр деген сөз 25 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 5) дүйнө деген сөз 115 жолу, акырет деген сөз 115 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 6) периштелер 88 жолу, шайтан 88 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 7) адамдар 50 жолу, пайгамбарлар 50 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 8) эркектер 24 жолу, аялдар 24 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 9) тирүүлүк 145 жолу, өлүм 145 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 10) жакшылык 167 жолу, жамандык 167 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 11) жети кабат асман 7 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 12) азап тууралуу 117 жолу, Аллах тааланын кечиримдүүлүгү тууралуу 234 жолу айтылган. Жогорудагы сандарга көңүл бөлсөңүз, азап сөзүнүн саныга караганда, кечиримдүүлүк сөзүнүн саны эки эсеге көп эскерилген. бул Ислам дининин ырайымлуулуктун жана кечиримдүүлүктүн дини экендигин айгинелеп турат. 🌱🌱🌱 13) пайда 50 жолу, зыян 50 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 14) мүшкүл 75 жолу, шүгүр 75 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 15) адашуучулар 17 жолу, жок болуучулар 17 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 16) зекет 32 жолу, береке 32 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 17) зулум 114 жолу, сабыр 114 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 18) садака 73 жолу, каниет 73 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 19) сыйкыр 60 жолу, бузукулук 60 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 20) акыл 49 жолу, нур 49 жолу айтылган. 🌱🌱🌱 21) ибилис 6 жолу, шайтандан сактануу тууралуу 6 жолу айтылган.