9089 60
29.05.2020
Адамда бир жан жана бир МЕКЕН бар. Бир мекен үчүн бир жанын курман кылууга дилгир адам гана жоокер боло алат. Кокус Ата-Журт коркунучка кабылса алтын башын сайып, душманды беттеп, зарыл болсо окту көкүрөк менен тосууга даяр ысык ыкласы бар жан гана ушул кесипти тандайт. Ошон үчүн, аскер кызматы чыныгы каармандар аркалачу ыйык милдет. Кымбаттуу КЫРГЫЗ КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН баатырлары! Силерди сыйлайбыз, силерге таазим этебиз жана силер үчүн дуба кылабыз. Ылайым курал кармаганыңарды салтанаттуу параддарда гана көрөлү. Автомат атып, танканы тарсылдатып, замбиректи заңкылдатып кан майданга кирүү зарылдыгы эч качан жаралбасын. Бүгүнкү майрамыңар куттуу болсун!!! НК, 29-май, 2020-жыл