сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
744   0
24.11.2019
Эмнеге Бирибизге бирибиз көрүшөбүз, Бир кол жайып кучактап өбүшөбүз. Көзөп кетер сөздөрдү октоп алып, Көздөрүбүз жок кезде сөгүшөбүз. Бирибизге бирибиз керек дейбиз, Бириккенге көңүлдөр себеп дейбиз. Оңго-солго коштошуп кеткенден соң, Оңбой калган жагыбызды көп эстейбиз. Бир тасмалда отуруп чай ичебиз, Бир туугандай бапылдап жай ичебиз. Эки мүнөт бирибиз мындай болсок, Эки мүнөт шыбап турган жан экенбиз. Көздөрүбүз бар кезде суктанабыз, Көздөрүбүз жок кезде кызганабыз. Састумоолоп ушактын шамалына, Сасып кеткен киши эти жыттанабыз. Ырахматты экиге бөлө албайбыз, Ырахаттуу напсини жеңе албайбыз. Ийнеликтей иш кылып сүйүндүргөн, Ийгилигин башканын көрө албайбыз. Бирде туруп пейилдин кушундайбыз, Бирде туруп көңүлдүн музундайбыз. Ай батса да, артынан туздап турган, Айткылачы, эмнеге ушундайбыз?
3551   205
09.12.2019
🌸"Пияз"🌸 Биз кадимки кунуго колдонуп жургон пияздын пайдалуу касиеттери: Мисрлик бир врач озунун соцбаракчасына ушундай деп жазат: Адамдар балдарынын ысытмасы көтөрүлүп атканын айтып арызданып келишсе ачуум келип кетет. Ушуга да врачка уколго,таблеткага чуркайбы,уйдо пияз бар врачка чуркагандын ордуна пиязды колдонушса натыйжасы эн сонун болмок. Созум курук болбоосу учун мен кубо болгон бир окуяны айта кетейин. Ооруканада ысытмасы тушпой олум менен алышып жаткан кичинекей небересин чон энеси коргону келип калды. Баланын абалын коруп дароо бир баш пияз алып келгиле деп суранды.Алып келген пиязды тен жарымынан экиге бөлүп баланын эки таманына байлап байпагын кийгизип жаткызып койду. Эртеси бала эчнерсе болбогондой жапжакшына козун ачты,таманынын алдындагы пияз болсо куйуп калган сымал капкара болуп калыптыр. Жана бир окуя 1919жылы Мисрде катуу грипп каптап анын айынан 40мин киши жашоо менен коштошот. Ошондо медицина кызматкерлери кыштактарда уймо уй кыдырышып бейтаптарга жардам беришет. Кыштактардын биринде айыл чекесинде жашаган дыйкандын уйуно барышып доктурлар тан калышат.Анткени уйдогу адамдар баары грипптен сопсоо журушкон болчу. Тан калган доктурлар мунун сырын сураганда мына деп кабыгы аарчылбай эле экиге бөлүнүп коюлган пиязды көрсөтөт уй ээси. Уйдун ар бир бөлмөсүндө ушундай эле пияздар турган болчу. Тан калган врач пиязды алып микроскоп менен текшерип коруп пияздын кабаттарында олуп жаткан миңдеген грипптин микробдорун көрөт. Мындан маалым болгондой пияз микробдордун баарын озуно тартып алат экен да аларды өлтүрөт экен.Аябай арзан оной эле,бирок пайдасы эбегейсиз зор. Өзүбүздүн эле бут алдыбыздагы күнүмдүк жашообуздагы пайдалуу нерселерге маани бербей анын себебин дарысын башкалардан издей берет экенбиз. Муну жазуудан максатым кимдир бирөөлөргө пайдам тийсе анда кубанычтамын 😊😊. Грипптин сезону башталды бөлүшүп койгула постту жакындарынарга жардам болот. Автор; Бурабия
Загрузка...