сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
9856   90
06.12.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
Зикирдин пайдасы. 1) Аллахты сүйүүнү, Ага жакындыкты, Андан коркууну, Ага тооба кылууну, кайтууну жаратат. Анын ыраазы болушуна, дайым сага назар салып туруусуна себеп болот. 2) Жүрөктөн кам-кайгыны айдап, ордуна шаттык-кубанычты тартуулайт, жүрөктө тазалыкты күч-кубатты жана сергектикти жаратат. 3) Жүрөктө бир боштук бар, аны Аллахтын зикиринен башка эч нерсе толтура албайт. Бир катуулук бар, аны да Аллахтын зикиринен бөлөк эч нерсе жумшарталбайт. 4) Жүрөктүн шыпаасы, дарысы, – зикир! 5) Коп зикир кылуу ыймандын күчтүүлүгүн, Аллахка болгон сүйүүнүн чындыгын билдирет. Анткени, ар бир жүрөк сүйгөнүн көп эскерет. 6) Эгер пенде кененчилик, жеңилчилик убактысында зикири менен Аллах Тааланы тааныса, Аллах Таала аны башына оор иш түшкөндө тааныйт (жардам берет). . 7) Зикир Аллахтын азабынан кутулууга, асмандан тынчтык- бейпилдик түшүшүнө, Аллахтын ырайымы ороп алуусуна себеп болот. Зикир кылуучуга периштелер истигфар айтышат. (Күнөөсүн кечиришин Аллахтан сурашат) 8) Зикир себептүү тил бейпайда сөздөрдөн, кыйбаттан, ушактан, жалгандан жана башка жаман, арам сөздөрдөн машгул болот. 9) Зикир эң жеңил ибадат болушуна карабастан, эң улук, эң абзел ибудаттардан. Ал – бейиштин көчөтү. 10) Зикир адамдын салабатуу, ырахаттуу, жаркын жүздүү болушуна себеп болот. Себеби ал – нур! Дүйнөдө да, мүрзөдө да, акыретте да жарыгы тиет. 11) Зикир өз ээсине Аллах Тааланын жана периштелеринин ырайымын алып келет Аллах Таала Өзүн зикир кылган пендеси менен периштелерге сыймыктанат. 12) Жакшы амал кылгандардын арасындагы эң абзелдери дагы, орозо кармагандардын арасында эң абзелдери дагы зикир кылуучулар. 13) Зикир ооруңду жеңил, кыйынчылыгыңда оңой кылат. Ырыскылуу болушуңа жана денеңдин кубаттуу болушуна шарт түзөт. 14) Шайтанды айдайт, кордойт жана жер менен жексен кылат.
373   7
26.12.2019
Урматтуу боорукер айымдар. Жаны жылга карата "Боорукер журок" акциясы отмокчу. Максаты жардамга муктаж айымдарга жардам беруу. Акцияда балдары ДЦП энелерге токтолду. Копчулугунун куйоолору дал ошол балдары учун таштап кеткен. Эне да баласын канатына калкалап, жетишээр жетпес жашоодо, батирлеп жашап келишет. Мына ушундай оор тагдырдагы энелерди тандап алдык. Келиниздер Аллахтын ыраазычылыгы учун 20 сом болсо садака кылалы. Садака да кырсык, балээден сактайт. Кудайым ошол акчанызды он эсе кылып берээр. @booruker_juroktor баракчасына кирип балдар менен таанышсаныздар болот. Кун сайын баракчага ким канча акча салганы тууралуу отчёттор жарыяланып турат. 30-январь куну акчалар энелерге тапшырылат, баракчада отчёт берилет. Элсом - 0771800545(единица да салсаныздар болот). Элсом энелердики, акча энелерде болот. Кайдыгер карабайсыздар деген ойдобуз.
Загрузка...