сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
3550   106
26.03.2020
Апам айтат бир күнү : "Ушул Шергазы журналисттикке жакшы киришпей жүрөт да. Теле-жылдыз боло турган жөнү бар. Чыгынып Бишкекке көчүп барып, КТРге ишке кирип, номер 1 диктор болуш керек эле" деп кыжаалат 😁😇🤗(Сүрөттөрдү оңго жылдырсаңыздар диктор болуп сүйлөп жаткан видеосун жүктөп койдум. Апамдын сар-санаасы канчалык экенин байкап көрсөңүздөр...) Анан менден улуу эжем бар Гульбарчын деген, Жалал-Абадда. Ал дагы Шергазынын күйөрманы "Канча тойго барам Шергазы алып барган. Баары сонун өтөт. Еще элпек, жөнөкөй бала. Элдин көңүлүнө карап алып барат." деп мактай берет. Ошентип биздин үйдө @shergazy_turdukulov дун 3 күйөрманы бар. Үчүнчүсү өзүм 😁🤗 Мамилеси, жөнөкөйлүгү, жумушуна берилип аткаргандыгы жагат. Анан адамдын аурасы болот го, Шергазы ошол аурасы менен эле маанайды көтөрүп коёт да 🤗 Мен биринчи YouTube дан "Кофе-Тайм" деген программанын алып баруучусу деп тааныгам. Кыскасы, мыкты иним бар деп эстеп, кубанып коюп эле жүрөм.☺️😊 @shergazy_turdukulov Шера, туулган күн кут болсун🤝 Өнүгүп өсө бер✊ Өзүңдөй жайдары келиндүү кыл бизди, кудай буйруп🤗🙏 Кенен келечек, Чооң ийгиликтерди каалайм сага 🤗 _________________________________________ Ушул куттуктоону окугандардын арасынан Шергазыны жакшы тааныгандар же сырттан тааныгандар болсо, сиздер да куттуктап өтсөңүздөр болот. Тааныш эместер деле жылуу сөз арнап жазып койсоңуздар деле болот.🤗 Анткени, жылуу сөздөргө татыктуу бала, отвечаю😉☺️
8961   295
08.04.2020
Балама кандай эне болсом жакмакмын дедим ичимден? Албетте, энеси болгонум үчүн эле болуп көрбөгөндөй жакшы көрөт дечи..бирок уулума эгер күзгү боло турган болсом, чыкыйган, үлгүлүү элес туруусу абзел дедим. Өз ден соолугун карабаган, бир күн оору, бир күн соо болгон Алымкан эне көңүлүн чөгөрөөрүн билем. Демек, өзүмө тың болуп, денимди сак кармоом кажет. Бактысыз болуп бышактап, өткөн кеткен адамдарды дагы эле сөгүп, ар бир бактысыздыгыма, чалынган жеримен эле күнөөлүү издей бере турган эне болсом, башында аямактыр балким, аягында сабыры түгөнмөк. Жээримек, жекире карамак. Баягы пластинкасын кайра койду деп сыйы түгөнмөк. Пластинка айынан эмес алсыздыгыма таарынмак. Бактылуу болуп, каткырып, шаңшып, баарына жакшылык тилеп, кечиримдүү боло алган эне кимге жакпасын?! Анткен сайын уулумдун демине дем кошулуп, бактысы артпайбы?! А эгер көзүн карап өмүр бою, үйрүлүп түшүп, жеке жашоомду, кыялымды жыйыштырып коюп, оозуна кашыктап тамак тыгып, кайда жүрдүң, эмне кылдың дей берсем, акыры буулукмак, думчукмак, жүдөмөк, эркиндигин эңсемек. Уулум мага түздөнө турган болсо эгер ал эркин куш болуп, бийик шаңшышы керек десем, канатты кенен керип, бийик учуум кажет! Тартиптүү, улууга урмат, кичүүгө ызаат кылып, адамгерчиликтин, адилеттин желегин алсын десем, демек өзүмдү ошого тарбиялоом керек! Сырттан карадым өзүмдү, балам! Канткенде сага жагам дедим. Күрп тоок болуп, канатыма ката берсем, болчудай эмес. Күкүк эне болуп, күйүткө таштап кетсем, эмнем энелик? Эң мыктысы бүркүт эне болоюн. Бийик учайын. Күчтүү болоюн. Учуру келгенде уядан чыгарып, көпкөк асманда, өз эркиндигиңде учканга көмөк болом! Не дедиң, балам? #жөнэлеойлор