сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
316   13
23.01.2020
Ушул ишемби жолугалы! Друзья, приглашаем вас на мероприятие в эту субботу, посвящённое здоровому образу жизни, где мы расскажем вам про КОРДИЦЕПС «Император», правильное питание, а также о нашей программе лояльности🙌🏽 Вас ждёт: 📋интересная презентация ☘много полезной информации 🎰розыгрыш лотереи 🎁подарки ☕дегустация полезного чая 🍮мастер-класс по приготовлению полезного и вкусного пудинга от специально приглашённого гостя - Иваны Третьяковой, после чего каждый из гостей сможет попробовать кусочек и узнать рецепт, чтобы потом приготовить его у себя дома. И это ещё не все! Вас, также, ждет розыгрыш от Mystic Spa - аюрведического СПА-салона красоты и здоровья🍃 ⠀ 📆КОГДА: 25 января ⏰ВРЕМЯ: 13:00 📍ГДЕ: Центр Здоровья SKY LOTUS (г.Бишкек, ул. Киевская 195) 💰СТОИМОСТЬ: Бесплатно Будем ждать вас!💚 ⠀ 🏥Наш адрес: г.Бишкек, ул. Киевская 195 ☎0312 911-777 ☎0312 912-777 📲0502 911-777 📲0222 912-777 📲0990 911-777 📲0502 911-777 (w/a) ⠀ #skylotus #medicine #медицинаБишкек #тибетскаямедицина #китайскаямедицина #китайскотибетскаямедицина #традиционнаямедицина #кордицепс #пульсоваядиагностика #моксотерапия #иглорефлексотерапия #вакуумнаятерапия #центрздоровьяБишкек #Бишкек #kg
Загрузка...
2469   156
17.02.2020
Элсом 0555 71 78 83 Каримова Чолпон: «Уулума санаа тартып жүрүп өзүм оорукчан болуп калбасам экен...» ____________ Адам болуп бул жашоого келген соң ким болбосун оору-сыркоосуз, бактылуу турмушта, узак өмүр жашагысы келет эмеспи. Бирок, тилекке каршы, Жараткан ар бир адамга жакшы да, жаман да тагдыр берип сынайт экен. Ал сыноого сынгандар да, ага каршы туруп жеңип чыккандар да жок эмес. Рубрикабыздын бүгүнкү каарманы уулунун ден соолугун тилеп, сакайып кетишин күн санап күтүп жүргөн эне… ▶️«Бирөөнүн малын багып күн кечирип келебиз» Биз Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан айылынан болобуз. Кадимки эле карапайым кыргыз үй-бүлөлөрүнүн бирибиз. Өз үйүбүз жок болгондугуна байланыштуу бирөөнүн малын карап, ошолордун үйүндө жашап күн кечиребиз. Жолдошум дагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жүрөгү ооруйт. Ошол себептүү кара жумуштарга жарабайт. Бир аз оор жумуш кылса эле дем алуусу оорлошуп эчтеке кылууга жарабай калат. Ал эми ошол үйдө жашап, мал баккан акыбыз 7 миң сом. Ага балдарыбыздын кем-карчын, тамак-ашын белен алып, эч кимдин жардамына муктаж болчу эмеспиз. Жашоо-шартыбыз начар экенине карабай Кудайга шүгүр кылып жашап келгенбиз. 2018-жылы кичүү уулум Али төрөлгөн күн эң кубанычтуу дагы, бир чети бизди кайгыга салган дагы күн болду. Ал көтөн чучугу тубаса жок болуп төрөлдү. Буга себеп болчудай кош бойлуу кезимде эч кандай деле олуттуу оору менен ооруп көргөн жокмун. Улуу балдарымды кандай көтөрсөм, муну деле так ошолордой эле жакшынакай көтөргөм. Тамак-аштан деле кем болбой жашылча-жемиш, эт жеп жүрүп төрөдүм. Врачтардын жазып берген дары-витаминдерин үзбөй алып ичип жаттым. Анан кандайча ушундай абалда жарыкка келгенине таң калам. Организминде мындай мүчүлүштүгү бар адам кадимки адамдардай заңдай албайт. Көтөн чучугунда ийненин көзүндөй кичинекей бир жылчык бар, андан дайыма ириң агып турат. Негизи, балам төрөлгөндөн эки күндөн соң оорусу аныкталып, ошол замат операция жасалган. Мындай операцияда табигый жол менен заңдай албагандыктан, ичегинин бүткөн жерин курсак көңдөйү менен туташтырып, атайын тешикче чыгарылат экен. Ошол тешикче аркылуу гана заң чыгара алат. Бул медицинада колостома деп аталат. Мындай операцияны баштан өткөргөн бала д
10825  
16.02.2020
МОТИВАЦИЯ 1. Азыр уктап калсаң сонун түш көрүшүң мүмкүн, бирок азыр окусаң сонун кыялдарың орундалат. 2. Өтө эле кеч болуп деп ойлогон убактыңда, чынын айтсам, дагы деле эрте болгону. 3. Окуунун азабы убактылуу гана. Окубагандын - караңгылыктын азабы - чексиз. 4. Окуу деген убакыт эле эмес. Окуу деген - аракет. 5. Жашоо окуу эле эмес. Эгер жашоонун ушул эле бөлүгүн өтө албасаң, анда башка эмне кыла аласың? 6. Кыйынчылыктарды өтүүнүн ыракатын ал. 7. Башкалардан эртерээк бүткөндү, көбүрөөк аракет кылганды, натыйжалардын чыккан жыргалдыкты сезгенди үйрөн. 8. Ар ким ар нерсеге эле жетише бербейт. Бирок ийгилик өсүүдөн жана чечкиндүүлүктөн келет. 9. Убакыт күтпөйт. Жөн эле отура берсең учкан куштай өтүп кетет. 10. Бүгүнкү эңсегендериң эртеңкинин көз жаштары болсун. 11. Келечеке салым кылгандар - реалисттер. 12. Сенин айлык акың алган билимиңе жараша болот. 13. Бүгүнкү күн кайра эч качан кайтып келбейт. 14. Сенин душмандарың азыр деле жан талашып китеп окуп жатышат. 15. Кыйынчылыктан өткөндө гана эңсегениңе жетесиң. #интернеттеналынды