2845 45
12.06.2020
ӨЗГӨНҮ КОЙ, ӨЗҮҢДҮ БИЛ!
Жогорулап баса бер. Бийикке чыкмайынча баскан жолуңа баа бере албайсың. Өйдөдөн ылдый карап гана: "тээтиги жерден бурулуп кетпей жакшы кылыптырмын, бирок мобул жак менен келсем, оңой болмок экен" - деп айта аласың...
***
Биригип жогорулоо, жогорулап бириккенден жакшыраак.
Мунун математикалык далили:
2³+4³=72 (2+4)³=216
Үй-бүлөң, туугандар менен бирик эң башында. Андан соң калгандарына көңүл бур. Тууганың менен тууганчылыкты токтотуп коюп, башкалар менен биригип тапканың бул дүйнөдө калат... Туугандан мамилени үзүү - Аллах менен да мамилени токтотот
***
Кудай берген кишиге Кудай урган киши сүйлөнөт-дейт кыргызда. Сүйлөнө бербе...
***
Бир туугандарың, жакындарың үчүн жаша. Калганын жөн кой
***
Адамдардын көңүлү Жаннат эмес,
Ал жерде түбөлүк кала албайсың
Барибир жек көргөн чыга берет
Баарынын көңүлүн таба албайсың
Идрис акын
***
Жашоо кыска,
Бул өмүрдү көп көрбө
Бирөөлөрдү
Жаман көрүп өткөрбө
Идрис акын
***
Досторумдун
Пайдасы тийбесе да,
Зыяны болбосо экен
Күлдүрүп жүрбөсө да
Күйдүрүп койбосо экен
Көптүрүп мактап туруп
Көзүмдү ойбосо экен
Идрис акын
***
Турмуш деген өйдө-ылдый
Татаал жолдон куралган
Чыңалышып бул жолдо
Чыдагандар тура алган
Жүрөктүн да сокконун
ЭКГдан көргөнсүң
Өйдө-төмөн сызылган
Жолго көңүл бөлгөнсүң
Тегиз сызык сызылса
Демек, бүттү, өлгөнсүң...
Идрис акын
***
Бир жолу колдонуучу
Буюмду көп билемин
ӨМҮР да дал ошондой
Бир жолу деп билемин
Идрис акын
Сагынып күткөн ЖУМА маарек болсун, достор. Мага да дуа кылууну унутпаңыздар😊мен да сиздер үчүн дуадамын.