сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
7172   690
07.04.2020
Стереотиптер( аң сезимде калыптанып калган эрежелер, адаттар) 1. Жыйырмадан ашаарың мн бүлө курушуң керек. 2. Эрге тийип, же аял ал! Сөзсүз! Жалгыз жашаганга укугуң жок 3. Турмуш кураарың мн эле бала жасаш керек. Тогуз айдан кийин эч ким төрөлбөсө, таяк жейсиң. А кокус, жети айлык болуп калса, точно "залет" 4. Келин бүүүүүт жумуштун баарын жасап, тамак даярдаш керек. Чарчаганга, уктаганга, эс алганга укугу жок. Даже өлгөнгө да уруксаат берилбейт. 5. Келин үн чыгармак түгүл, жел чыгарганга акысы жок. Тем более өз оюн айтпаш керек. Анын ордуна ал кандай кийинет, окуйбу же окубайбы, иштейби же жокпу, канча жолу кайсы интервал мн төрөйт баарын улуулар жана күйөсү чече алат. 6. Өзүнчө бөлүнмөй жок! Кыялданбай эле кой! 7. Кичүү бала, же жалгыз бала мал багып, үй жай карап үйдө калат. Ага окууну ким коюптур? 8. Жашоодо ким болосуң, каякта иштейсиң, кимди алып, кимге тиесиң анын баарын улуулар чечет. Сен али жашсың. Туура эмес тандап алышың ыктымал 9. Ачык кийингендин баары эле бузулган неме 10. Оюңду ачык сүйлөй алсаң, тартиби жок немесиң. Азырынча акылыма келгени ушул. Кошумчалаңыз. #жөнэлеойлор
Загрузка...
13557   487
17.05.2020
Эне камы, тилеги, батасы. Ар жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде "Энелер" күнүн белгилеп келатабыз, бардык энелерди куттуктайм! Учурдан пайдаланып тестиер кезде апамды ыңгайсыз кылган бир эки учур эсиме келди, бөлүшөйүн достор, эми ушунча ынак болуп калдык дегендей:) Беш жашта болсом керек, Тагай абам бир жакшылыгын өткөрүп, алыскы жайлоосуна ЗИЛби же виллис мененби, иши кылып топурап тойго жөнөп калдык. Денис досума ошондо шаардан сапсары, жазуулары бар, сонун кепка сатып беришиптир ата-энеси. Улам анын кепкасын шынаарлап, мага да ушундай кепка алып бергиле деп чоеңдоп баштасам, апасынан сурап мага кийгизип койду апам, тойго кийип барып келсин, кайра келип берет деп. Уяттуу туугандарга баратабыз, өзүмдүкү деп эле кийип барып келесиң деди. Бир кезде тойдо көңүл борбору мага бурулуп, ой азамат деп мактамыш болуп жатышканда, туугандардын бири "кепкасы да сонун" экен азамат деп калса. Дароо оюма Денис дос келе калып, эдиреңдеген мен "бул менин кепкам эмес, Денистики, тойго сурап турдук, барганда кайра кайтарып берем" деп салыпмын:) Апам бир ыңгайсыз абалда кызыктай болуп калганын көрдүм эле ошондо. Майга куурулган аталаны абдан жакшы көрчүмүн, кечки тамакка атала ичели дей берчүмүн, бир күнү курук эле нан менен атала ичип отурсак, ал убакта телефон жок да, күтүүсүз эле башка айылдан жакын туугандарыбыз өтүп баратып, тийип коелу деп тамак ичип отурган үйгө түз эле кирип келишти. Экинчи сорт ундан жасалган кара нан менен, атала ичип кечки тамакта отурганыбызды көрүп калганына апам байкуш кыйла намыстанды. Кап, эт деле бар эле, продукты кенен, Жанар эле атала ичем дегенинен деп эле актангансып жатты. Тиричиликтен кыйналып калышыптыр деген ойдо калбасын деп намыстанган экен көрсө. Ыңгайсыз абал жаралган ошентип. Айтайын дегеним башка, атала ичип, жүгөрүдөн нан жеп, элдин баары тегиз кош айдап, анда да эки ат эч кимде жок, тең шерик болуп кошко салып, буудай эгип, оруп, машак терип, кырман кылып, анан тегирменге тарттырып ун камдачубуз. Анда да кошуна айылга ат менен жүрүп, Коңурбайдын суу тегирменине барчубуз. Биз эми жаш болгон үчүн, улуу муун сыяктуу жокчулукту көп көрбөдүк, бирок четин болсо да сезип калдык. Апам байкуш дайыма жакшы тамак жасап, силе