сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
17449   992
01.07.2020
Иннаа лиЛляхьи уа иннаа илейхьи ражи‘ун! ⠀ Орто Азияга таанымал үлкөн аалым Абдугаппар ажы Смановдун өтүп кеткендигин кайгыруу менен кабыл алдым. Кудай Таалам Абдугаппар бир тууганыбыздын барган жерин Бейиш кылсын! Кудай Жолунда кылган эмгектерин Кудайым Өзү кабыл кылсын! ⠀ Абдугаппар бир тууганыбыз чындыгында аалымдардын арстаны эле... Акыйкатты айтканда тайманбай айткан, чындык үчүн өзүнүн башын туу сайгандай сайган баатыр аалым эле... Аалымдардын баатыры, баатырлардын аалымы деп айтсак ушул адамга туура келет. ⠀ Ал киши менен далай үзөңгүлөш болдук. Кудай Жолунда даават-сапарларыбызда бирге болдук. Ал кишинин кыргыз калкына болгон жакшылыгын, урмат-сыйын өзгөчө баамдадык. Ал кишинин бир туугандары менен Мекке шаарындагы сапарларыбызда дагы көп ирет чогуу болгонбуз. ⠀ Ал кишинин Кудай үчүн кылган кызматын көрүп, Кудай үчүн кызмат ушундай болоор экен го деген ойду биздин жүрөгүбүзгө эмгеги менен салган улуу агабыз эле. Кудай Таалам жаткан жериңизди Бейиштен кылсын! Акыретиңиз аабат болсун! Медресеңиз, шакирттериңиздин иши уланып турсун! ⠀ Бүгун эки эл: кыргыз эли жана казак эли бирдей кайгыга батып олтурат. Эки элдин тең уулу Абдугаппар Сманов жаткан жериңиз Бейиштен болсун! ⠀ 01.07.2020 Чубак ажы Жалилов
861  
22.09.2019
Үйлөнөм десең ук мени! Эркектер аялдардын төрт нерсесине карап үйлөнүшөт: 1. Сулуулугуна 2. Байлыгына 3. Ата тегине 4. Ыйманына Бактылуу болууну кааласаңар 4-сүн тандагыла. Бирок бул күндө эптеп күйөөгө тийип кетүү үчүн жоолугун оронгон кыздарды, момун болуп көрүнмүш болгон топучан балдарды жоолуктуруп калдык...жоолугун салып кайын эне менен тытышып аткан келинден, сакалын коюп аялдын кадырына жетпеген эркектен эмне пайда. Ыйман - жоолук же сакал менен чегараланбайт! Жаштарга сунушум Үй-бүлөнү куруудан мурда адамдын адамгерчилигин, адеп-ахлагын, ата-энесине көрсөткөн сый-урматын карап анан үй-бүлө кургула. Жасалма койгон сакал менен жоолугуна алданып калбагыла. Кийин кеч болот! Бар жогол дейин десең балаң жетим калат, антпейин десең апаңдын көңүлүн сындырып жаткан келиндин пейили, же сакал-топу кийип намаз окумуш болгон акылы жок күйөө... Ошентип эки оттун ортосунда өмүр бою арманыңды жутуп жашайсың! Колуңда жүрүп билинбей-камчыдан артык курал жок, койнуңда жүрүп билинбейт-катындан артык тууган (кээде душман) жок. 22.09.2019 Идрис акын
Загрузка...